Бүгүн, 17-майга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 259 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 161, Ош – 1, Чүй облусунан – 44, Талас облусунан – 5, Нарын облусунан – 14, Ысык-Көл облусунан – 24, Жалал-Абад облусунан – 10. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 100 732 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 284 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 93 886га жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 194, Ош шаарынан – 6, Чүй облусунан – 51, Ош облусунан – 2, Нарын облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 22, Жалал-Абад облусунан – 2, Баткен облусунан – 2.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 5, Чүй облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1711ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ