Menu

Бердымухамедовдун жээнинин баюу схемасы тууралуу иликтөө жарыяланды

Бөлүшүү:

Turkmen.news сайты, Gundogar гезити, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жээни өлкөдөгү азык-түлүк таңкыстыгынан кандай пайда көрүп жатканы тууралуу журналисттик иликтөө жарыялашты.

Анда Бердымухамедовдун эжесинин 39 жаштагы уулу Хажимурат Режепов британиялык Greatcom Trade компаниясын жетектей турганы, ал президенттин чечими менен өлкөгө азык-түлүк алып келүү боюнча 25,7 миллион долларлык өкмөттүк келишим алганы жазылган.

Келишимге ылайык, Greatcom компаниясы Түркмөнстанга 15 миң тоннадай кумшекер, жети миң тонна тооктун этин, эки миң тонна өсүмдүк майын, 170 тонна сары май жана 107 тонна маргарин жеткириши керек болчу.

Иликтөөдө мындан тышкары Түркмөнстанга 1200 тоннадан ашык кондитердик азыктарды ташып келүү боюнча шотландиялык Intergold LP компаниясы менен түзүлгөн келишим да шек жаратып жатканы, ал өкмөткө 3,5 миллион доллар чыгым алып келгени белгиленген.

Акыркы кездери Түркмөнстанда азык-түлүк таңкыстыгы өкүм сүрүп жатканы кабарланып келет. Айрым түркмөнстандыктар таң эрте дүкөндөрдөн товар алып, кийин аларды кымбатка саткан учурлар катталган. Өлкөдө абал чыңалгандыктан алып-сатарлыкты ооздуктоо үчүн полиция кызматкерлери дүкөндөрдү текшерүүгө аргасыз болууда.

Былтыр азык-түлүк боюнча көйгөй күчөгөндө түркмөн бийлиги баш калаа Ашхабаддан башка бардык аймактарда жарандарды талон менен субсидияланган товарларды сатып алууга милдеттендирген. Мисалы Мары шаарынын тургундары үчүн субсидияланган азык-түлүктүн айлык нормасы төмөндөтүлүп, бир үй-бүлөгө айына эки тоок жана бир адамга алты жумуртка гана сатыла баштаган. Ал эми быйыл апрелде Балканабат шаарында да азык-түлүктүн айлык рациону төмөндөтүлүп, бир үй-бүлөгө бир тоок, бир литр өсүмдүк майы жана 250 грамм кумшекер гана сатылары айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: