Menu

Дарыгерлер мурдагыдан аз айлык алышканына даттанууда

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда кошумча эмгек акы жоюлуп, маяна эки эсе көбөйтүлгөнүнө карабай, айрым кызматкерлер мурдагыдан аз айлык алышканын билдиришүүдө.

Бишкек шаарындагы №4 бейтапканада иштеген Бахтияр Абсаматов буга чейин 15 миң сомдон ашык маяна алып келсе, акыркы жолу 10 миң сом алганын айтат.

“Айлык түшкөндөн кийин картаңды банкоматка салып, андагы сумманы көрүп 5% гана кубанасың. Андан соң дүкөнгө барып, айлыгыңдын жарымын коротосуң. Андан ары эмне кылышты билбейсиң. Эмне кылсам, кимден карызга ала турсам деп пландарды түзө баштайсың”, – дейт ал.

Кыргызстанда Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда иштегендердин айлыгы 100% көтөрүлгөнүн президент Садыр Жапаров 9-апрелде жарыя кылган. Ага ылайык, 1-апрелден баштап үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы 100% көбөйтүлгөн. Ошол эле маалда индикаторлор менен төлөнчү эмгек акы алынып салынган.

“Өкмөт индикаторлор менен төлөнө турган төлөмдөр боюнча жүргүзүлгөн анализдердин жыйынтыктарын, ошондой эле үй-бүлөлүк дарыгерлердин өздөрүнүн кайрылууларын эске алып, бул каражатты бардык үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыктарын 100% жогорулатууга жумшоо чечимин кабыл алган», — деди Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчисинин орунбасары Клара Өскөмбаева.

Индикаторлор – бул медиктерге түрдүү бейтаптарды кабыл алганы үчүн берилип келген кошумча төлөмдөр. Бул система эки жыл мурда киргизилген, анда дарыгерлер аны жоюу талабы менен митингдерди өткөрүшкөн.

“Алар индикаторлор жоюлсун дегенде «ар бир дарыгер бештен кош бойлуу келинди, бештен наристени, диабет менен ооруган бештен бейтапты карашы керек» деген сыяктуу милдеттенмелерди алып салууну талап кылышкан. Бул талаптар алынышы керек, анткени аларды аткаруу мүмкүн эмес. Бирок дарыгерлер аларга бериле турган төлөмдөрдү да алып салышат деп ойлошкон эмес. Азыр өзүңөр сурандыңар деп төлөмдөрдү алып коюшту», — деди медицина тармагындагы эксперт Бермет Барыктабасова.

Анын айтымында, индикаторлор системасы боюнча көбүрөөк айлык алуу үчүн дарыгерлердин көбү өз ара бейтаптардын дарт тарыхы менен бөлүшүүгө аргасыз болушкан. «Мындай жол менен тар профилдеги адистер гана акча таба алышкан. Бул жөнүндө министр билип калып, дарыгерлер элди алдаганын айтып, аларды уурулукка айыптады. Эми ал каражатты алып, адилеттүү түрдө айлыктын негизги бөлүгүн жогорулаттык деп жатышат. Мындан болбошу керек, маянанын негизги бөлүгү таптакыр башка каражаттар менен көбөйтүлүшү керек», — деди Барыктабасова.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев таза иштеген медиктер жаңы система боюнча көбүрөөк айлык ала баштады деп эсептейт. Анын айтымында, индикаторлорду «кошуп жазган» дарыгерлердин гана кирешеси азайды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: