Menu

“Кумтөр” кени иштетилип баштагандан бери техникалык катачылыктардан улам 19 адам каза болгон

Бөлүшүү:

1996-жылдан бери, “Кумтөр” кени иштеп баштагандан тарта техникалык катачылыктардан улам 19 адам каза болуп, 47 адам майып болду. Бул тууралуу “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия билдирет.

Бүгүн, 17-майда ЖКнын кезексиз жыйынында “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтөө жыйынтыгы угулуп жатканда, эл өкүлдөрүнө атайын даярдалган видеотасма көрсөтүлдү. Анда кендеги кысыктар тууралуу маалыматтар айтылды.

Ошентип, 2002-жылы 8-июлда карьер жээги эки жолу урап, кесепетинен жергиликтүү жумушчу Алмаз Жакишов каза болгон. Анын сөөгү урандылардын астында калган.

2012-жылы кендин жанындагы Ара-Бел дарыясынан суу ичкен мал жандыктын бары кырылып калган.

Ал эми 2013-жылдын 3-майында Давыдов мөңгүсүндөгү төгүндүлөр бир суткада 5 метрге чейин жылып, анын кесепетинен турак жайлар, трансформатор подстанциялары, өндүрүш жайлары, жогорку чыңалуудагы электр мамылары кыйраган.

Ошондой эле, 2019-жылы 1-декабрда Лысый суусунун аймагында төгүндүлөр көчүп, анын астында бир нече унаа калган. Анда мастер Өмүрбек Ишенбеков менен бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушев дайынсыз жоголгон.

1998-жылы болсо, «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» жүк ташуучу унаасы жол кырсыкка учурап, 1740 килограмм цианид Барскоон суусуна төгүлгөн. Доогер андан кийин сууну хлор менен зыянсыздандырышканын белгилейт. Бирок, андан кийин жергиликтүү тургундар хлор менен ууланган. 2000ге жакын адам жабыркап, 2 адам каза болгон. 17 миң адам медициналык жардам алган. Соттук териштирүү бүгүнкү күнгө чейин уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: