Кыргыз Республикасынын Берлиндеги Элчилигинде Элчи Эрлан Абдылдаев Дрезден шаарында жаңы дайындалган Кыргызстандын Ардактуу консулу Ставрос Эфремидис менен жолугушуу өткөрдү жана анын алкагында консулдук патент тапшырылды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Э.Абдылдаев Германияда жашаган кыргызстандыктардын укуктараны жана кызыкчылыктарын коргоого кылдаттык менен көнүл бурууну баса белгиледи.
Андан тышкары, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, маданий –гуманитардык жана туристтик жааттарда кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ