Menu

Икрамжан Илмиянов шоопурлар партиясын түзбөй акылдуулук кылыптыр

Бөлүшүү:

Партия деген “илдеттин” дартына кабылгандардын көбү анын тепсендисинде калганы деле калп эмес. Маселен, илгери “Алга Кыргызстан” деген партиянын төбөсүндө турган Аскар Акаев эмнеликтен куулуп кетти? И-ии так ошол партияны түптөп, өмүр бою бийликте калам дегенинен улам куугунтукка алынган.

“Ак Жолдун” чокусунда куштай болуп конгон Курманбек Бакиев да ошол “чүрпөсүнүн” курмандыгы болгону ырас. Азыр ушул эки партияны оозангандан баары заарканып турушат. “Республика” партиясынын азыркы абалы итти улутканы калды. Анткени ошол итке майлуу сөөк ыргытып, таптап турган кожоюну бүгүнкү күндө алыста турнабайын көзүнө кадап ыйлагысы келип турган кези. Атактуу “Ата Мекен” партиясынын жөтөлгөнү катуулап баратат десек неге болбосун? Анткени убактылуу лидерликти мыкчыган Алмамбет Шыкмаматовдун дарамети кожоюндук кылууга түк жетпейт. Себеби өзүнүн кара башын жойпуланып атып араң арачалап калды.

Дагы кайсы партиялардын тагдырын таш кабарына саресеп сала кетели. “Кыргызстан” партиясынын иши оңоло тургандай болуп калганын кайсы бир серепчилер кылтыйтып жатышат. Албетте, Канат Исаевдин бир буту “азаттыкка” чыкты. Бирок, оң тарапка чечилиш үчүн дагы “убадасын” жакшылап, ишенимдүү кылып төбөлдөргө сыпатташы зарыл. Антпесе шектүү адамдын кулагы тикчийип “чийинден” чыга берет. Көмүскө кожоюн Шакинин “компасынын” багыты каякка серпилет ал башка маселе. “Өнүгүүнүн” деле мурдагыдай дүбүртү билинбейт. Трактирлер деле эскирип, жерди терең айдай албай калды. Анын керектүү жабдыктарын Белоруссиядан ташып келиш өтө оорчулук жаратаарын дагы түз айтып коёлу. Жалаң бизнесмендердин, капчыктуулардын күчү менен түптөлгөн партиялардын акыбалдары деле мактоого арзырлык эмес.

Арийне, жаңыдан “ийинден” чыккан сары ооз балапан партиялар ар кимдин жүзүн карап, кайсыл кубаттуу “агасына” корголоорун билбей башы маң болуп турган учуру. Булардын ийкемдүүлөрүн “эски карышкырлар” өз жетегине алып, каалагандай тизме түзүп, жеткире ийлеп туруп аламан жарышка салып жиберерин деле көңүлгө түйүп койсок зыяны тийбейт. Андай “легендарлуу” жүрүштөргө кайсыл мыкты өкүмдар чыгаары деле эмитен айтылып жатканы жөн жерден эместир? Эзелтен бери дүңгүрөп келаткан КСДПга назарын тиккендер болсо анын лидерин жоготууга аракетин көрүп жаткан убагы. Ал тургай каражат болсо эле көңтөрүп түшмөкмүн деп кержейгендер чыкканына не дейбиз? Каражат деген албетте чоң жөлөк-таяк болору белгилүү. Бирок, анын башындагы лидердин артынан эл ээрчийби кеп ошондо. Ага болбой эле эки кишиге “чоң” болгондор кээде жөөлүп ийгенде айласыздан күлбөгөнгө аргаң калбайт.

Айрым учурда кадимки Алмазбек Атамбаев Икрамдын жоругун айтып, сөз кылып калар эле: – Эй сен шоопурлардын партиясын түзсөң болбойбу десем ынабай атат деп. Көрсө кыйды киши алысты көрө аларын айгинелеп салыптыр да? Баары бир партия жакшылык алып келбесин сезсе керек кургур. Эгер анын ордунда башка өпкөсү капталынан чыккан бирөө болсо алда качан партиясын түзүп салмак мына деп туруп. Ал эми шоопурлуктан бийик кызматка жетип, байлыкты тоодой топтогон Икрамжан Илмияновдун азыркы ой-толгоолору өзүнчө “эпопея” болуп калгандай түр келтирет. Аттиң, кыргызстан парламенттик башкарууга өтөт деп добулбас кагып жаткандагы партиялардын “тагдыры” кейиштүү эмеспи? Бийлигинен кеткенде, же кадамынан жаңылса эле партияны күчкө салып тартып ала беришсе анан кантип парламенттик өлкө болобуз, кокуй! Анысына карабай эле айрым тың чыкмалар партияга эле жабышып оокат кылууга өтүп калганы эч кимди таң калтырбайт. Ошолор бүгүнкүсүн гана ойлошконуна, келечегине көзү жетпей турганына ичиң анан кантип эңшерилбесин?

Булак: Ачык сөз

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: