Россиялык “РУСгидро” ишканасы Жогорку Нарын дарыясына бир нече ГЭСтерди курабыз деп алгач демигип, 37 млн. доллар жумшагандан кийин белгисиз себептерден улам кайра деми сууп калган болчу. Азыр кыргыз бийлиги ошол ГЭС эмес, бир станок курулбаган акчаны кантип элдин эсебинен төлөп берүүнүн айласын таппай отурган. Анткени “ишенимдүү өнөктөш” болгон Орусиянын ишениминен кеткен “осурган кыздай” болгон кыргыз өкмөтүнө эч кандай же мамлекет, же инвестор ишенбей аткан. Акыры президент А.Атамбаев Чехиянын президентине кадырын салып атып Liglass Trading CZ компаниясын тапкан болчу. Бирок ошол эле чехиялык маалымат каражаттары бул компаниянын банкрот экендигин, эски кенсесин жана карызга баткандыгын казып чыгышкан. Кыргыз бийлиги аталган инвестордун кудурети бир айда сыналарын, бул аралыкта Кыргызстандын казынасына убада кылган 500 млн. долларды которууга тиййш экенин белгилеп жатат. 24-июлда маалымат жыйынында президент А.Атамбаев өзү бул жагдайга пикирин билдирди. Анын айтымында, чехиялык компаниянын тегерегиндеги ызы-чууну “бул долбоор ишке ашып кетеби?”-деп чочулагандар чыгарып жатыптыр. Ошондой эле долбоорду жок кылууга шашылбай, августтун аягына чейин күтө туруу зарылдыгын белгилеп, эгер болбой калса жаңы инвестор издейбиз деди. Демек…
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ