Казакстанда президенттик администрациянын мурдагы башчысы Баглан Майлыбаев камалды. Улуттук коопсуздук комитети билдиргендей, аны менен кошо ички саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Николай Галихин да кармалды.
Экөө тең “мамлекеттик сырды мыйзамсыз түрдө чогултуу, ачыкка чыгаруу жана таратууга” айыпталышууда. Астана соту аларды камоо боюнча санкция чыгарды. Учурда президенттик администрациянын мурдагы чиновниктери убактылуу тергөө абагында.
Буга чейин өлкөдө пара алууга шектелип улуттук экономика министри Куандык Бишимбаев кармалган. Пенсия фондунун башчысы Руслан Ерденаев дагы камакта, ал мамлекеттин каражатын кымырууга айыпталууда.
Былтыр декабрдын соңунда Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Нартай Дутбаев дагы мамлекеттик сырды ачыкка чыгарууга айыпталып кармалган. Аны менен кошо бир нече дипломаттар камалган болчу.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ