Menu

Чек ара жаңжалынан жабыркаган Максат айылынын тургундары жаңы документтерди алды

Бөлүшүү:

Баткен облусунда чек ара жаңжалынан жабыркаган жарандардын документтерин калыбына келтирүү иштери уланууда. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

МККнын калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Максат айылындагы жаңжал учурунда жоголгон ID паспортторду даярдоого 27 арыз кабыл алышты. Бүгүн алардын 18и, ошондой эле 38 туулгандыгы жөнүндө жана 6 нике күбөлүгү берилген.

Мындан тышкары жалпы жарандык паспортторду даярдоого 5 арыз кабыл алынды. Аларга жаңы биометрикалык паспорттор даяр болушу менен берилет.

Документтерди Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов жана айыл башчысы Максат Кубатбек Нышанов расмий тапшырышты.

Кыргыз-тажик жаңжалы учурунда жапа чеккен жарандар үчүн бардык документтер МККнын кызматкерлеринин эсебинен акысыз даярдалат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: