Menu

БШК Бишкек шаардык кеңешине добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарды

Бөлүшүү:

19-майда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) “Эмгек”, “Ата-Журт Кыргызстан” партияларынын жана “Ак-Бата” партиясынын үч талапкеринин аймактык шайлоо комиссиянын (АШК) Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу чечимине байланыштуу арызын карады.

Жыйынтыгында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын шаардык кеңешке добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган чечимин күчүндө калтырды.

АШК 12-майда Бишкек шаардык кеңешине добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (КЭДП), “Эмгек” жана “Ак Бата” партияларынын шайлоодон четтеттилгени, алар топтогон добуштар жараксыз деп табылганы негиз болгон.

Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоону жокко чыгаруу тууралуу АШКнын чечимин күчүндө калтыруу талабы менен бир катар партиялардын өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүүдө.

Бишкек шаардык кеңешине соңку шайлоодо жети пайыздык босогодон “Эмгек”, “Ак-Бата”, КЭДП (Кыргызстан элдик демократиялык партиясы), “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Биздин Эл” партиялары өткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: