Конституциянын түп нускасы жоголуп кетиши мүмкүнбү?
– Бул ошол мезгилдеги Убактылуу Өкмөттүн аппаратындагы тартип кандай болгондугун, кызматкерлердин деңгээли, ишке жөндөмдүүлүгү жөнүндө кабар берет. Так эч ким эч нерсени айта албай жатат. Ошол эле аппараттын жетекчиси, жанында жүргөндөрдүн арасынан тигини же муну иштен алыш керек. Алар ишке орноштуруу, мародёрлук боюнча иштер менен алектенип калышкан. Президенттин аппараты сааттай гана иштеш керек болчу. Президенттин парламенттеги өкүлү Абдылдаев мен көргөм ар түрдүү шрифттер менен жазылган, оңдолгон деп айтты. Ага эч ким деле көңүл бурган эмес. Негизи Конституция жоголбош керек, мүмкүн эмес. Балким, архивде тургандыр. Ар кимиси колунан келгени, келбегени да иштеп жатышып ушуну жасашты.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ