Menu

Бегиш Аматов, легендарлуу парламенттин депутаты: “1,5 миллион кыргыз башка жакта кантип тентип жүрсө, Конституцияны бузгандар дагы бала-чакасы менен ошондой тентиши керек”

Бөлүшүү:

— Бегиш аке, сиз Кыргызстан эгемендүү мамлекет болуш керек деп демилге көтөрүп, ошол демилге менен 1991-жылдын 31-август күнү көз карандысыздыкка жеттик. Балтика боюндагы өлкөлөр биринчилерден болуп Союздун курамынан чыгып, өз алдынча өлкө болууга аракеттерин көрө башташпадыбы. Сиз да ошолорду көрүп, демилгени көтөрүп чыктыңызбы?

— Мындай да үка, СССРдин Конституциясында ар бир союздук республика өз эрки менен СССРдин курамынан чыга алат деп жазылган. Ушундан пайдаланып, Балтика боюндагы өлкөлөр СССРдин курамынан биринчилерден болуп чыга башташты. Биз чындыгында күтүп турдук, эмне болуп кетет деп. Балтика боюндагы өлкөлөр менен эле токтоп калган жок. Андан кийин Украина, Грузия курамдан чыга баштады. СССРдин негизин түзгөн Россиянын өзүндө чоң өзгөрүүлөр болуп атты. “Биз деле союздук республикабыз, өзүбүз эле оокатыбызды кылабыз” деп 90-жылы биз депутат болуп шайланып келгенден бери кеп болуп аткан. Орто Азияда Өзбекстан өзүнчө саясат жүргүзө баштады. Биз Курманжан Датканын 180 жылдыгын 1991-жылдын август айында өткөрдүк. Кыргыздын өзүнүн салт-санаасы бар, мурдатан сүйлөнбөгөн нерсени өзүбүзчө Москвасы жок эле сүйлөй турган болуп калдык. Булардын баары Курманжан Датканын 180 жылдык мааракесинде көрүндү. Тойго ажо Аскар Акаев баш болуп, республика боюнча делегаттар барды. Компартияда Аманбаев эле, ал дагы барган. 150 миңдей адам чогулуп, Алайда чоң маараке болду. Ал жерде сөздөр сүйлөндү. Эртеси келсек эле ГК ЧП болуп кетиптир. Горбачев Крымда Форосто жатып, өзүнчө эле камалып калыптыр. Бул жакта Горбачевди чыккынчыдай кылып көргөзүп коюшуптур да. ГКЧПда СССРдин тарашы тууралуу сөздөр болуп аткан. Эмне болуп кетет экен деп 10 күндөй карап олтурдук. Ошол убакта Өзбекстандын Андижан облусунун жетекчилери Ошко Баатыралы Сыдыковго келишиптир. Баатыралы Сыдыков Ош облусунун акими болгон эле. Анда Баткен менен Ош бир облус болчу, Жалал-Абад өзүнчө бөлүнүп калган. Ошону куттуктап келишкен экен. Мен ал кезде Ош облусунун обкомунда кызматкер элем. Бийликтин баары акимге өткөн, бизде бийлик жок. Ошол жерде бирге иштеген жолдошум бар эле. Эртеси күнү ошондон “Кимдер келишти? Эмнеге келишиптир? Өзбекстанда эмне болуп жатыптыр?” деп сурасам, “Келгендер менен чогуу болдум. Буларда 1-сентябрда Олий Мажлисинин сессиясы болот экен. Ошол күнү эгемендикти жарыялайбыз деп Каримов айтыптыр. Өзбекстан 1-сентябрда эгемен мамлекет болот экен”,- деди.

— Өзбекстан 1-сентябрда эгемендигин жарыялайт экен, биз алардан жок дегенде бир күн мурун эгемендүү мамлекет болгонубузду жарыялашыбыз керек деп ошондон кийин парламентте демилге көтөрүп чыккан турбайсызбы?

— Бирдиктүү Союз жыгыла турган болуп калды да. Өзүнүн президентин камап коюп жатпайбы. Ельцин өзүнчө иш жүргүзүп жаткан. Эми болбой калды, биз дагы ойлонушубуз керек, кечээ Курманжан Датканын 180 жылдыгында элибиз өзүнчө мамлекет курсак деген пикирди айтты деп ойлонуп калгам. Биздин Бишкектеги жетекчилерде эмне болуп жатат?- деп сураштырып жатканда, 31-август күнү парламенттин сессиясы болот деген токтом чыкты. Өзбекстандан бир күн мурун сессия болот экен. Отузу күнү Бишкекке учуп келдим да, парламенттин төрагасы Шеримкуловго кирип “Өзбекстандын Олий Мажлиси 1-сентябрда жыйын өткөрүп, эгемендүүлүгүн жарыялайт экен. Бизде эмне болуп жатасыңар? 31-августка чакырыпсыңар, сессия болот деп келдик” десем үндөбөйт. Акаевден ишарат жок экен. Вице-президент Кузнецовдо болдум. Ал дагы Өзбекстандын 1-сентябрь күнү эгемендүүлүгүн жарыялай турганын билбейт. “Өздөрүнүн иши” деп койду. БК бар болчу. Аманбаев жок экен, андан башка жетекчилерине да кирдим. Алар да билбейт. Эртең боло турган сессиянын күн тартибин алдым. Анда дагы эгемендик жөнүндө эч нерсе жок, маселе коюлбаптыр.

— Акаевге кирбедиңизби?

— Акаевде болгонум жок. Отузу күнү кечинде “Пишпек” мейманканасына бардым. Эртеңки сессиянын күн тартибине киргизүү боюнча сунуш кылайын, Өзбекстандан бир күн мурун болсо да эгемендикти кабыл алайлы деп текст жаздым. Эртең менен келсем Төлөгөн Касымбеков менен Камбаралы Бобулов экөө учурады. Учурушкандан кийин бири-бирибизден эмне болду деп сурашып жатабыз да. Андижандын чоңдору келип Баатыралы Сыдыковду куттуктаганын, 1-сентябрда Өзбекстан эгемендүүлүгүн жарыя кылганы жатканын, өзүбүздүн чоңдорго киргенимди бүт айтып бердим да, кечинде жазган текстти көрсөтүп, ушуну күн тартибине сунуш кылайын деп жатам десем, экөөсү тең “Эң туура, колдойбуз”,- деди. Колдойбуз деп коюп, мен микрофонго чыкканда кууп түшпөгүлө, Аматовду колу-бутуңар менен дүпүлдөтүп колдогула деп койдум. Сессия башталып, күн тартиби окулду. Менде сунуш бар дедим да микрофонго чыгып, текстти окуп бердим. Окуп берсем, Акаев үн дебей отурду. “Эң туура, күн тартибине киргизишибиз керек”- деп залдан эки-үчөө мени колдоду. Ошентип менин сунушум күн тартибине кирди.

— Каршы чыккандар болдубу?

— Жок. Ордунан бирөө-экөө күңкүлдөгөндөр болду. Микрофонго чыккандар болбоду. Башкысы күн тартибине экинчи же үчүнчү маселе болуп кирди. Бирок, сессия башталганда эле биринчи эгемендиктен баштадык. 31-август күнү аябай күпүлдөдүк, талкуу катуу болду. Ошону менен 1991-жылы 31-август күнү эгемендик кабыл алынды. Түшкү тыныгууга чейин болчу, өзүм олтургам. Бир киши басып келди да “түшкү убакта Акаев сизди кабинетинде күтөт. Сиз барат экенсиз” деп айтып кетти. Төлөгөн Касымбековго айтсам, “Баргының, муну Акаев айтышы керек эле, сен айтып салдың. Акаев сенден карыз болду. Карызынан кутулат”- деди. Түшкү убакта Акаевге бардым. Чоң столунан туруп мени көздөй жөнөдү, мен эшиктен аны көздөй жөнөдүм. Экөөбүз чоң бөлмөдө бири-бирибизди куттуктадык. “Аябай жакшы болду”- деп сүйүнүп алыптыр.

— Карызынан кантип кутулду?

— “Кел олтур, иштериң кандай?”- деп сурады, обкомдо иштедим эле ал жакты жаап келдим деп жооп бердим. “Бирге иштейли” деп айтты. “Улуттук ээлик кылуучулар” фондун ачканбыз. Анын төрагасы Жалил Садыков деген жазуучу. Ага орунбасар болуп иштеп берсеңиз”- деди. Болуптур дедим. “Бишкекте үй-жай барбы?”- деп сурады. Бишкекте кайдан үй-жай болот, партиянын иши менен жүрсөк десем, “ЦК чакан үй салган экен, ошол жерден кызматкерлерге берип жатабыз. Сиз да ошол жерден квартира аласыз”- деди. Рахматты айттым, экөөбүз колду кызышып, мен түшүп кеттим. Сессиянын түштөн кийинкиси башталганда эле Аскар Акаев “Аматов “Улуттук ээлик кылуучулар” фондусунун төрагасынын орунбасары болуп дайындалсын” деген Указын окуп карызынан кутулгандай болгон.

— Москванын, коңшу өлкөлөрдүн реакциясы кандай болду?

— Биринчилерден болуп эгемендүүлүктү жарыялайбыз деген Өзбекстан оозунан алдырып жибергендей эле болду. Түркмөнстан, Тажикстан, Казакстан бул жөнүндө али ойлоно элек болчу. Сага дагы бир кызык жерин айтып берейин. Акаев эмне үчүн эгемендүүлүктү жарыя кылбайт?- деп ойлондум. Акаевди президентке талапкер кылып Чыңгыз Айтматов Москвадан жөнөтүп жатат. Ал Горбачевдин кеңешчиси. Айтматовдун сунушу менен Акаевди президент кылып шайладык. Чыңгыз Төрөкуловичтин аброю чоң болчу. Эгемендүүлүктү жарыялаганыбызда Горбачев Крымдан Москвага келип калган, бийликтен кете элек кези. Көрсө, Акаев Горбачев Кремлде олтурганда ал жакты карап түкүрбөйт экен. Ошентип демилге Акаевден болбой, менден болуп калыптыр. Мени кабинетине чакырып алып куттуктаганы да ошондон экен да. Ал Горбачевдон Ельцинге өтүп кетти.

— Акаев сизди кызматка коюп, үй бериптир. Чогуу иштеше баштаган экенсиз. Кайсыл себептен улам ага каршы чыга баштадыңыз?

— Мен эл шайлаган депутатмын. Элиме убада берип келгем. Мен Акаевден эч нерсе сураган жокмун. СССРдин Конституциясы уруксат берет, өзүн сыйлаган элдер Союздан чыгып жатат деп демилге көтөрдүм. Акаев чакырып кызмат берет деп да ойлогон эмесмин. Өзү чакырды, кызматты да өзү берди, мен суранганым жок. Акаев биринчи жылы көп жеринен дурус эле иштеген. Мен да аны колдоп жүргөмүн. Бир кезде эле Бриштейн “Вольво” деген машиналарды алып келди. Акырындык менен Акаевдин эшик алдында кеңешчиси болду. Ошондон кийин кыйшык иштер башталды. Бир жылча Акаев тарапта болдум. Карасам болбойт. Кыргызстандын эгемендүүлүгү кагазда эле болуп калбай, “Кумтөрдүн” алтынында, жерде болушу керек да. Четтен келгендер элдин байлыгына кол салып, жетекчилер алардын айткандарын жасап жатса, “Кой, ушул мага кызмат берди эле” деп туруп калышым керек беле?! Исанов авто кырсыктан өлдү дегенин көрдүк. Дагы деле унчукпай олтура берет белем?

— 1991-жылдын 31-август күнү эгемендүү өлкө болдук. Бирок, Конституцияны 1993-жылы 5-майда кабыл алдыңар. Ал аралыкта мурунку эле Конституция менен иштедиңиздерби?

— Ага чейин Кыргыз ССРинин Конституциясы менен жашадык. Мен дагы СССРдин Конституциясы эскирип калды, өзүбүздүн жаңы Конституциябызды жазышыбыз керек деп сунушумду айттым. 1992-жылы көптөгөн сунуштардын негизинде Акаевдин сунушу менен Конституциялык комиссия түзүлдү. Төрагасы Акаев, орун басары Шеримкулов, жалаң чоңдор кирген, 25 кишиден турган комиссия жарым жылдан ашык убакыт жүрүп Конституция жазып келишиптир. Сага бирөөсүн эле айтып берейин. 150 депутат болот, анын элүүсүн Акаев өзүнүн Указы менен дайындайт деп жазылыптыр. Бул жөн эле шермендечилик да. Ага каршы чыктык. Активдүү каршы чыккандардын бирөөсү мен болдум. 92-жылы жазган Конституциясын өткөрбөй койдук да, бөлөк комиссия түзөбүз дедик. Акаев “Бул 25 киши кала берсин, үстүнө дагы 25 киши кошкула”- деди. Биринчилерден болуп мени киргизишти.Ошентип элүү киши болдук. 4–5 депутат жумушчу топ менен активдүү иштедик. Мен өзүм комиссиянын ичинде дагы Акаев менен 2–3 жолу айтышып да кеттим. 93-жылы биз жазган Конституциянын долбоору сессияга кирди. Ага альтернатива болуп Текебаев жазган долбоор бар болчу, ал да кирди. Текебаев жазган Конституцияны сессияда депутаттар жарабайт деп артка кайтарды. Конституциялык комиссия жазган биздин долбоор сессияга коюлуп, 2–3 күн талкууладык. 5-май күнү Конституция кабыл алынды.

— Кыргыз Республикасынын эгемендүү экенин жарыялаган, Конституцияны кабыл алган парламенттин тарап кетишине негизги себеп кайсыл болгон?

— Конституцияны кабыл алып, баардык атрибуттарды жасадык да. Андан кийин сессиядан “Биз Кыргыз ССРинин депутатыбыз. Бүгүндөн баштап Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде иш жүрүшү керек. Биз бир жылда 3–4 жолу жыйын өткөрүп коёбуз. Ар дайым олтуруп иштей турган Жогорку Кеңеш керек, өзүбүз кетели. Парламенттик, президенттик жаңы шайлоо өтсүн”- дедик. Акаев ордунан турду дагы “Ушул депутаттар көп иш аткарды. Бул легендарлуу парламент болду. Ойлонуп иш кылсак урматтуу депутаттар. Силер 95-жылга чейин шайлангансыңар. Ушул мөөнөттүн аягына чейин иштесеңер. Кайсыл жерде кезексиз шайлоо болуп жатса, ошол жерде согуш болуп жатат” деп коңшу Тажикстанды, Грузияны айтып, калуубузду өтүндү. Анын айтканын депутаттар туура көрдү. Болбосо, биз айлык деле алчу эмеспиз да. Конституцияны кабыл алгандан кийин Акаевди ага колун койдуруп ант бердирдик. “Мен Конституцияны ыйык сактайм”- деп элдин алдында ант берди. Бир күнү телевизорду карап олтурсам, Каркырага Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев келиптир. Бул жактан Акаев барыптыр. Ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Жумагул Сааданбеков Назарбаевге бөрү ичиген тартуу кылган. Алар Каркырада 2–3 күн түнөп жатышты. Бир жума өткөндөн кийин Назарбаев “Руханияттын” орденин алганы келиптир. Филармонияга саясий өкүлдүн баарын чакырды. Белгилүү адамдардын баары барды. Филармония толдук. Бир маалда Назарбаев кыргыз-казактын бир тууганынан баштап, көп нерсени айтты. “Конституция кабыл алыптырсыңар, ушуну дыкаттык менен окуп чыктым. Бул Конституция боюнча Аскар сен Англиянын королевасы эле болуп калыпсың. Сенин колуңда укук калбаптыр.

Укукту Өкмөткө, Жогорку Кеңешке берип коюптур. Бул Конституцияны кайра карап, президентке укук бериш керек. Болбосо, бул эртең президент болуп берейин деп элге барса, эл сенин колуңдан эч нерсе келбейт экен, эмнеңи шайлайбыз десечи…” деп ар нерсени айтты. Муну менен ачык түрдө өлкөнүн ички саясатына аралашты. Ошол үчүн Каркырада 3 күн жатышкан экен. Кыргыз Республикасын ачыктан-ачык Назарбаев башкарып жатат деп жыйындан ойлонуп эшикке чыктым.

— Назарбаев менен Акаев Каркырада сүйлөшүп жатышпайбы. Каркыра маселеси да ошол күнү чечилип калганбы?

— Ошондо чечилген. Экөө куда болушкан. Назарбаев кеткенден бир айдан кийин сессия чакырылып, Конституция маселеси көтөрүлдү. Сааданбеков “30 киши кол койду, өзүбүздү өзүбүз тараталы” деп чыкты. Анын айтканын колдобой койдук. Эки ай өткөндөн кийин дагы сессия чакырылды. Анда өзүн өзү таркатууга 140 киши кол коюптур. Конституция боюнча маселени чечүү үчүн депутаттардын үчтөн экиси макул деш керек. 140 кишинин кол койгону да жарабай калды. Бул окуя 94-жылы болгон. Топчубек Тургуналиевдер Акаевди колдоду. Конституция кабыл алынган күндөн баштап 350 депутат мыйзамсыз олтурганбыз. Биз мыйзамды сыйлап өзүбүз кеттик. Акаев Конституцияга колун коюп “Ыйык сактайм” деп ант берген да. “Ыйык сактоочу” киши 97 беренеден турган Конституциянын 49 беренесин өзгөртүптүр. Өзүнүн Указы менен 157 кишини Конституциялык кеңешменин мүчөсү кылып дайындайт. Иш жүзүндө ал Жогорку Кеңешти дайындаган. Ошол 157 адам Конституциянын 49 беренесин өзгөртүп, референдумга алып чыгып жатат. Конституцияга каршы иш ушинтип башталган. Акаев Аксынын элин атты, уурулуктун баарын кылып, акырында өлкөдөн качты. Биз “Кумтөрдүн” 67 пайызын кыргыз элиники, 2007-жылдан кийин 100 пайыз биздики болсун деп кеткенбиз. 67 пайыз биздики болгондон кийин директору, бухгалтери бизден болот дегенбиз. Аскар болсо Кыргызстандын үлүшүн 16 пайызга түшүрүп, качып кетпедиби. Топчубек Тургуналиев революционерлерди алдына салып алып Бакиевди Акаевдин ордуна алып барды. Конституцияны ордуна койгула десем, “Конституция, мыйзамдар жапжакшына, Акаев эле жаман болчу, аны айдадык” дешти. Алар дагы Конституцияны мурунку калыбына келтирүүнүн ордуна, кайра өзүнө ылайыкташтырып жазышты.

— Конституцияга өзгөртүү киргизгенди Акаев баштады, Бакиев аны улантты. Эми үчүнчү президент дагы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү каалап жатпайбы?

— Мунун баары мыйзамсыз. Кечээ бир депутат “95 пайыз депутаттар жатып беришти” деп айтыптыр. Буларды ким шайлады? Эч ким шайлаган жок. Партиялар өзүн-өзү шайлайт. Илгери да ошондой эле. Биринчи жогор жактагы адам калганы чабан, уйчу, саанчы, кетменчи болуп келет болчу. Алар “көтөр” дегенде колун көтөрүп коёт эле. Биз ар бир округдан депутат шайланат дегенбиз. Ал партияда барбы, жокпу анысына карабай, ошол аймактын эли кимди шайласа, ошол депутат болуп келмек. Азыркылардын көзгө басары да жок. Жетекчиси кайсыл бир мафиянын башчысы, калганы анын куйругу. Ошентип 95 пайызы жатып берет да.

—  93-жылы кабыл алынган Конституцияга кайталы деген саясатчылар деле бар. Бирок, азыр Конституцияны өзгөртүүнү каалап жаткандар неге ошол Конституцияны негиз кылып алгандан коркуп жатышат?

— Булар ким? Акаев бузган Конституция менен бир эле алтын эмес, 70 жыл Союздун убагында курулган завод, фабрикаларды, колхоз-совхоздорду талап кеткендер. Ошол талагандар кайра депутат болушту. Ошентип Акаевдин жасаган ишинин жыйынтыгы бүгүнкү күнгө алып келди. Бузулган Конституциянын негизинде азыркылар болуп жатат. Конституцияны ордуна коюп, бүт баарын кайра жаңылаш керек. Кыргыз эли өзүнүн укугунун негизинде шайлоо өткөзөм деп талап кылуусу зарыл.

—  93-жылы Конституция кабыл алгында Текебаев депутат болгон. 2010-жылы Конституцияны жазуу толугу менен ошонун колуна тийди. Ошол кезде эле баштапкы абалга кайтканга мүмкүнчүлүгү бар болчу да?

— Токтойтур үка, 93-жылдагы Конституцияны Акаев, Текебаевдер жоюп жатат. Булар Жогорку Кеңеш 35–70 депутаттан турат дешкен. Алардын долбоору боюнча 35 депутат мыйзам чыгаруу жыйынында, 70 депутат эл өкүлдөр жыйынында болуп, эки палаталуу парламентти каалашкан. Биз бир мандаттуу округдан шайланган, 105 депутаттан турган, бир палаталуу Жогорку Кеңеш болсо дегенбиз. Текебаев бул жагына, тигил жагына жүгүрүп жүрө берет. 49 беренени өзгөртүп, мыйзамдуу Конституцияны “оомийин” кылгандар Акаев менен Текебаевдер. Бир гана Акаев же Текебаев эмес, Конституцияны өлтүргөн 157 адамдын баары өлгөнү өлгөндөй, тириги тирүүдөй жооп бериш керек.

— Конституцияны өзгөртпөш керек деп ызы-чуу түшүп жаткан Текебаев деле биринчи кабыл алынган Конституцияны “өлтүрүп”, мамлекетке чыккынчылык салымын кошкон турбайбы?

— Салымын кошкон. Конституцияны бузуу өлкөдөгү эң оор кылмыш делип эсептелинет. Конституциялык кеңешмеге мүчө болгон 157 адамдын баарысы тең эң оор жаза алышы шарт болчу. Болбосо азыр бир жарым млн. кыргыз башка жакта кантип тентип жүрсө, булар дагы бала-чакасы менен ошондой тентиши керек. Же болбосо чоңдордун баарын келтектеп, кандай кылмыш кылганын элге көрсөтсө жакшы болмок. 93-жылдагы Конституцияга кайтсак, 95-жылдан тартып, бүгүнкү күнгө чейинки бардык президенттер, депутаттардын баардыгы, бүткүл Өкмөт мыйзамсыз болуп, жокко чыгат. Алардын менчиктештирилген мүлктөрү кайра башынан каралат. Ушуну мыйзамды сыйлоо деп айтат, үка. Мыйзамды сыйлабагандар өз өлкөсүнө эң оор кылмыш кылган адамдар. Эми бул азыр да улантылып жатат.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: Жаңы Ордо

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: