Menu

Чүйдө УКТнын мүчөсү 390 миң сомдон ашык акчаны уурдоого шектелип кармалды

Бөлүшүү:

Чүй облусунда капчык ууру кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында. Ыссык-Ата РИИБна  34-жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Ю.А.  арыз менен кайрылып, ал 2021-жылдын 7-майында саат 11:20 чамасында белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Кант шаарынын борборунда токтоп турган “Мерседес Спринтер” маркасындагы унаанын эшигин талкалап, акчасын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген зыяндын көлөмү аныкталды.

Бул факт Ысык-Ата районунун ИИБнүн КЖБР Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 200 (урдоо) беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда 49-жаштагы К.У. Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Жогоруда аталган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары КР Ички иштер министрлигинде ыкчам каттоосунда турганы билинген. Жогорудагы адамга карата Жалал-Абад облусунун аймагында КЖБР Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (уурдоо) фактысы менен козголгон иш бар экени белгилүү болгон, ал ушундай эле жол менен Жалал-Абад облусунун көчөлөрүнүн биринде токтоп турган унаанын ичинен  390 миң сомдон ашык акчасын уурдап, ага карата издөө иши козголгон. Чүй ОИИБдин кызматкерлери жогорудагы адамдын Чүй облусунда жасалган ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгын текшерип жатышат. Ал райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген, тергөө иштери уланып жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: