Menu

Нарында ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Бөлүшүү:
Бишкек шаарында ИИМдин КМКнын 3-Башкармалыгынын (УБОП) Нарын облусу боюнча бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз иш-аракет жасаган деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган адам алдамчылык иш-аракеттери менен ири суммадагы акчаны тартып алууга катышкан деп шектелүүдө.
2021-жылы май айында Октябрь РИИБнин тергөө кызматына бузулган укуктарын коргоо өтүнүчү менен жаран кайрылган. Белгилүү болгондой 2020-жылдын ноябрь айында тааныш болгон эркек киши анын түрмөдө жазасын өтөп жаткан жакын тууганын бошотуп, амнистияга чыгарып берем деген шылтоо менен 5 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатты ээлеп алган. Акчаны алгандан кийин, изин жашырып кеткен. Кийин ал жаран алдамчынын курмандыгы болуп калганын билгенден кийин ички иштер органдарына кайрылууну чечкен. Аталган факт Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 204-беренесинин негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.
Бул мыйзамсыз иш-аракетке уюшкан кылмыштуулуктун субъектисинин катышуусу байланышы бар болгондуктан ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан мындан аркы ыкчам иш-чаралар жүргүзүлдү.
Иликтөө жана текшерүү иштеринин жүрүшүндө бул кылмыш ишине тиешеси бар деп ИИМдин ыкчам каттоосунда кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары турган 1973-жылы туулган Нарын облусунун тургуну М.А. аныкталган.
Криминалдык милиция кызматынын маалыматына ылайык шектүү жаран буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилине тартылган, анын ичинде адам уурдоо, мыйзамсыз эркинен ажыратуу, опузалап талап кылуу, курал-жарак сактоо иштери бар.
Шектүү жаран жашаган жерине келбей жашырынып жүргөн. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, анын жүргөн жери аныкталып, камакка алуу иш-чаралары Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлдү.
Аталган жаран Октябрь РИИБнин Тергөө кызматына өткөрүлүп, андан ары Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  Учурда анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар болуп болбогондугу текшерилүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: