Menu

Эмомали Рахмондун аялынын жээни Дангарадагы мушташка байланыштуу издөөгө алынды

Бөлүшүү:

«Нахш» алтын кен компаниясынын башчысы, тажик президенти Эмомали Рахмондун жээни Амриддин Накшов Дангарадагы мушташка байланыштуу издөөгө алынды. Накшовдун жети шериги кармалды.

Накшов бир нече киши менен бирге 16-майда «Фароз» компаниясы менен келишимдик негизде иштеп жаткан «Мину Фарм» компаниясынын кызматкерлерине кол салууга айыпталууда. Туугандары анын күнөөсүз экенин билдирип жатышат.

Тергөө органдары мушташтан ондой киши жабыркаганын, алардын төртөө бычактан жаракат алганын кабарлашты. Жабырлануучулардын арасында чайыр чөптү чогултуу үчүн келишим түзүүгө келген төрт ооган жараны да бар.

Тажикстан ИИМи бул окуя тууралуу расмий билдирүү тарата элек.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, «Мину Фарм» компаниясынын башчысы Сайед Гиёсов Амриддин Накшовго чайыр өскөн жер тилкесин берүүдөн баш тарткан соң чыр чыккан. Ресторанда болгон мушташка элүүгө жакын киши катышканы айтылууда. Сайед Гиёсовду курсакка жана бутуна төрт жолу бычак менен сайышкан. Дарыгерлердин айтымында, анын абалы учурда туруктуу.

Амриддин Накшов Тажикстан президентинин аялынын жээни. Ал мурун банкта иштеген, учурда алтын өндүрүүчү «Нахш» кенин жетектейт.

«Мину Фарм» компаниясы Тажикстанда чайыр чогултууга уруксат алган бирден бир компания. Бул ишкананын тажик президентинин күйөө баласы Шамсулло Сохибовго таандык мурдагы Фароз» компаниясы менен байланышы бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: