Коронавирус илдетинен улам, түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу мектептерде «Акыркы коӊгуроо» иш чаралары салттуу режиминде өткөрүүгө уруксат берилбегендиктен, Ысык-Көл облусунда «Өспүрүм» атайын рейди өтүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Рейдтин жүрүшүндө 300дөн ашык милиция кызматкерлери, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү менен бирдикте Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун талаптарын аткаруу боюнча көзөмөл жүргүзүшөт. Андан тышкары, мектеп бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери менен балдарын оюн-зоок мекемелерине жана эс алуу жайларына баруусуна жол бербөө максатында алдын алуу иштери жүргүзүлүдө.
Пандемияга байланыштуу чектөөлөр мектеп окуучуларына гана эмес, мектепти аяктаганынын 10 жана 20 жылдыктарын белгилеген жарандарга дагы киргизилет. Эгерде алар мектептерге барууну чечишсе, анда медицина кызматкерлери көрсөткөн санитардык эрежелерин сакташы керек.
Жол коопсуздугунун камсыздоо максатында кошумча чаралар колго алынат. Бардык билим берүү мекемелери, массалык эс алуу жайлары облустук ички иштер органдарынын өзгөчө көзөмөлүндө болуп, иш-чаралар учурунда ар кандай укук бузууларга жол бербөө үчүн бардык аракеттерди көрүшөт.
Рейд, үстүбүздөгү жылдын 27-майына чейин уланмакчы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ