Menu

Казакстанда кыздарды сексуалдык кулдукка мажбурлоого айыпталган топ соттолууда

Бөлүшүү:

27-майда Чымкенттин район аралык соту “адам соодалоого жана сексуалдык кулдукка мажбурлоого” шектелген 16 кишинин – 12 аял, 4 эркектин ишин карай баштады. Айыпталуучулардын арасында Кыргызстан жана Орусия жарандары бар.

Алар Кылмыш кодексинин “Трансулуттук уюшкан топ, трансулуттук кылмыштуу топ түзүү жана аларга башчылык кылуу, катышуу”, “Адам соодалоо”, “Жашы жете электерди соодалоо”, “Кылмыштуу жол менен алынган акчаны же мүлктү мыйзамдаштыруу” беренеси боюнча айыпталууда.

Бул иште 38 киши жабырлануучу катары көрсөтмө берүүдө. Алардын арасында жашы жете электер болгондуктан сот жараяны жабык өтүүдө.

Айыптоо актысы 150 барактан турат.

2021-жылы февралда Казакстан ИИМи Бахрейнде “адам соодалап, жыныстык кулдукка салган” топтун кармалганын маалымдаган. Жабырлануучулар аз камсыз үй-бүлөлөрдөн чыккан кыздар экени айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: