Menu

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арачыларды кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Төмөндө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиевдин куттуктоосу:

Урматтуу чек ара кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Чек ара күнү менен куттуктайм!

Мамлекеттик чек араны кайтаруу – бул өтө жооптуу жана биздин мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуунун жана терроризмге, баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, аткезчиликке жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча чараларды көрүү, укук коргоо органдарынын ишин координациялоону талап кылат

Ал эми биздин мекендештерибиздин коопсуздугу сиздердин милдетиңиздерди так аткарууга болгон абийирдүүлүгүңүздөргө көз каранды.

Акыркы окуялардагы, Чек арачылардын аскер кызматкерлери жана Чек ара кызматынын атайын бөлүгүнүн жоокерлери өлкөнүн түштүгүндөгү чек ара аймагындагы чыр-чатак учурундагы сыноодон сапаттуу өтүшү  сиздердин эрдигиңиздин бир катары айтсак болот. 

Сиздердин иш-аракеттериңиздин аркасында биздин өлкөнүн эли өз үйлөрүндө тынч уктай алышат.

Биз сиздер менен сыймыктанабыз жана Кыргыз Республикасы үчүн жанын берген адамдардын элесине башыбызды ийип таазим кылабыз.

Сиздерге чың ден-соолук, ийгилик жана кызматта жетишкендиктерди каалайм!!!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: