Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 27-май күнү саат 22:21де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында-3 балл, Чоң-Дөбө, Лама айылдарында-2,5 балл, Куйручук айылында-2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ