Menu

Орусияда өзбекстандык качкын мекенине кайтарылды

Бөлүшүү:

Европа сотунун коргоосундагы өзбекстандык саясий качкын Шохрух Базаров Москванын полициясына жеткирилгенден кийин дайынсыз жоголду. 34 жаштагы мигранттын жакындары Шохрухту Ташкентке алып кетишкени жөнүндө маалыматтар түшүп жатканын билдиришти.

– 26-май күнү эртең менен сары түстөгү атайын кийим кийген киши биз жашаган батирдин эшигин какты. Эшикти ачарыбыз менен батирге 7-8 полициячы кирип келип, колубузду кайрып, Мещанский райондук полиция бөлүмүнө алып кетишти. Бизди 17:30га чейин кармап, андан соң бошотушту. Бирок Шохрухту кайда алып кетишкенин билбейбиз. Алар биздин мобилдик телефондорубузду өчүрүп салышкан. Жарандык кийимчен кишилердин бири мага: “Шохрухту кайдан тааныйсың, ал ким, адвокатын билесиңби?” деп сурады. Биз жакшы эле иштеп жүргөнбүз, Шохрух маселеси бар экенин айткан эмес. Казанда анын аялы жана балдары калды, – деди Лазизбек аттуу өзбек мигранты.

“Жардам” укук коргоо уюмунун жетекчиси, москвалык укук коргоочу Бахром Хамроев 27-майда дайынсыз жоголгон Шохрух Базаров жөнүндө маалымат алганын айтты:

– 26-майда бир нече өзбек мигрантын Мещанский райондук полиция бөлүмүнө алып барышкан. Алардын арасында Өзбекстанда эл аралык издөөгө алынган Шохрух Базаров да болгон. Аны кармоого ФСБ кызматкерлери да тартылган. Шохрух кармалган күнү аны “Домодедово” аэропортуна алып барып, Өзбекстанга жөнөтүшкөн. Эртең менен ал Казанда жашаган аялына: “Мени Ташкентке алып кетишти. Эми башка жол жок” деген кыска билдирүү жөнөткөн.

Өзбекстанда Шохрух Базаровго “Конституциялык түзүмдү бузууга аракет жасоо”, “Коомдук коопсуздукка коркунуч келтирүү” беренелери боюнча айып тагылып, эл аралык издөө жарыяланган. Өзбекстанда анын эки бир тууганы ушул эле беренелер менен соттолуп, түрмөдө отурушат.

Бахром Хамроев Базаровду кармоодо эл аралык нормалар бузулганын, Орусия борбор азиялык качкындар үчүн кооптуу өлкө болуп баратканын айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: