Такталгандай, Биринчи май райондук сотунун 26-майдагы өкүмү менен Азиз Алымкулов КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, VI категориядагы айып пул, 2600 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башкача айтканда, мамлекеттин кирешесине 260 миң сом төлөө милдеттендирилди.
Эсиңиздерге сала кетсек, Азиз Алымкулов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип 2021-жылы 31-мартта кармалган. Экс-вице-мэр айрым чиновниктер жана аффилирленген адамдар менен тил табышып, мыйзамсыз баюу максатында, Бишкек мэриясынын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлерине кысым көрсөтүп, аффилирленген жактарга жер тилкелерин мыйзамсыз каттоого мажбурлаганы аныкталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ