Menu

Кадамжайда прокуратуранын кийлигишүүсү менен мыйзамсыз ээлеп алынган жайлар бала бакчага кайтарылды

Бөлүшүү:

Кадамжай райондук прокуратурасы балдардын мектепке чейинки билим алуу укугун коргоо максатында, аталган шаарда жайгашкан “Жылмаюу” бала бакчасына тиешелүү болгон жайларды кайтарып берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Кадамжай райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмү “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын,  мектепке чейинки курактагы балдардын билим алуу укугун бузуу менен “Жылмаюу” бала бакчасынын бир бөлүгүн мыйзамсыз ээлеп алгандыгы аныкталган.

Аталган объектилерди кайтаруу максатында, райондук прокуратура Кадамжай шаардык мэриясына прокурордук акты келтирип, аны кароонун жыйынтыгы менен 2021-жылдын 20-майында көрсөтүлгөн жайлар бала бакчанын менчигине кайтарылып,  райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмү башка имаратка көчүрүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: