Menu

ИИМ: Ысык-Көлдө УКТнын мүчөлөрү кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз аракеттерге шектелген Ысык-Көл облусунун тургунун кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин, 2020-жылдын декабрь айында укук коргоо органдары Тоң районунун айылдарынын биринде мал уурулук фактысын каттаган. Кылмышка шектүү  адам сарайга кирип, эң чоң койлорду тандап алып кеткен. Эртең менен малдарын санап, ээси алты баш койду таппай калган, андан кийин укук коргоо органдарына кайрылууну чечкен. Мал чарбачылыгы айыл тургундарынын бирден-бир киреше булагы болуп саналат жана мал уурдагандардын мыйзамсыз аракеттери алардын чөнтөгүнө олуттуу сокку урууда.

Милиция кызматкерлери тарабынан, ушул сыяктуу кылмыштардын бетин ачууда баардык зарыл чараларды көрүшөт.

Көп өтпөй ИИМдин КМКнын Ысык-Көл облусу боюнча 3-башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын башташып, мыйзамсыз иш-аракеттерге жана кылмыштарга байланышы бар Тоң районунун жашоочусун аныкташкан, мурда уурулук жана башка коомго жат аракеттери үчүн жети жолу сот жообуна тартылган.

Жакында, ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, ИИМ КМКнын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери 1994-жылы туулган Тоң районунун тургуну шектүү К.И.ни кармашкан. Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары турат.

Учурда Тоң РИИБи тарабынан мындан аркы тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, ИИМдин КМКнын Ысык-Көл облусундагы 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан дагы бир мыйзамсыз иш-аракет жасаган деп шектелген 1984-жылы туулган У.М.ди кармашкан. Айтылган Тоң районунун тургуну мурда соттолгон жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат. Алынган маалыматтарга ылайык, анын иш-аракеттеринин кесепетинен 360 миң сомдон ашык зыян келтирилген. Чогулган материалдар Тоң РИИБне берилип сотко чейинки тергөө иш-чараларын жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: