Menu

Кыргыз-казак мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды

Бөлүшүү:

Кечээ, 28-майда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөр Казакстан Республикасынын ТИМинин башчысы М.Тлеубердинин Кыргыз Республикасына болгон эки күндүк расмий сапарынын алкагында тар жана кенен форматта өттү.

Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары кыргыз-казак мамилелеринин саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, регионалдык коопсуздук жана чек ара жаатындагы кызматташуудагы актуалдуу жана күнүмдүк маселелерин талкуулашты.

Министр Р.Казакбаев казакстан тарапка кыргыз-тажик чек арасында болгон кайгылуу окуя, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде жетишилген келишимдердин деталдары жөнүндө маалымдады. Эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын жана аткаруу бийликтеринин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топтун тиешелүү турукташтыруу чараларын ишке ашыруу максатында жасаган биргелешкен аракеттерин белгиледи. Ошону менен бирге, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жетишилген макулдашууларды сактоого кыргыз тараптын ниетин баса көрсөттү.

Өз кезегинде, Министр М.Тлеуберди боордош мамлекеттин жарандарынын курман болгондугу боюнча кыргыз элине көңүл айтып, кыргыз тараптын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу жаңжалды саясий-дипломатиялык каражаттар менен жөнгө салуу аракеттерин колдоду. Ошондой эле казак тарап бул маселени жөнгө салуу боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрлери эки өлкө ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты союздаштык мамилелер жана стратегиялык өнөктөштүк духунда мындан ары да тереңдетүүгө тараптар умтула тургандыгын баса белгилешти. Эки өлкөнүн мамлекеттеринин, парламенттеринин, өкмөттөрүнүн жана региондорунун башчыларынын деңгээлдеринде регулярдуу саясий жана экономикалык диалогдорду колдоого эки тарап тең кызыкдар экендигин билдиришти. Эл аралык уюмдардын жана регионалдык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашышты. Ошондой эле министрлер эки өлкөнүн мамлекеттеринин жана өкмөттөрүнүн башчыларынын деңгээлинде жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн карашты.

Тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ишкерлери/айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана керектөөчүлөрү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилөө менен, өз ара соода байланыштарында болгон көйгөйлөрдү жоюу жана жүк ташуучуларды кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан тоскоолдуксуз өткөрүү зарыл экендигин белгилешти.

Кыргызстан менен Казакстандын тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын катышуусу менен ЖМКнын өкүлдөрү үчүн биргелешкен пресс-конференция өткөрүлдү.

Ошондой эле 2021-жылдын 29-майында расмий  сапардын алкагында Казакстан ТИМинин башчысы М.Тлеубердинин Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров, Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Мамытов менен жолугушуулары, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине гүлчамбар коюу жана башка маданий иш-чаралар пландалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: