Menu

Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун кезектеги кеңешмеси болуп өттү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун кезектеги кеңешмеси болуп өттү.

Кеңешменини жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын концепциясы жана түзүмүнүн долбоору каралды.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун кеңешмесине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары катышып, алар тараптан «Баткен облусунун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун алга жылдыру алкагында бир катар сунуштар киргизилди.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тийиштүү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына кыска мөөнөттө Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча ишти улантууга зарыл болгон маалыматты киргизүүсү тапшырылды.

Баткен облусун өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги кеңешмеси Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун аймагында өтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: