Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев Россия Федерациясынын жараны. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Ирина Карамушкина билдирди.
-Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматов жарым жылдан бери УКМКнын убактылуу кармоочу жайында отурат. Улуттук коопсуздук комитети анын орус жарандыгы бар экенин далилдөөгө аракет кылууда. Мамлекеттик каттоокызматынын бираз болсо дагы уяты бар экен, алар Кулматовго карата арызын артка кайтарып алышты. Азыр болсо, Орусиянын федералдык салык кызматынын сайтында Таалайбек Сарыбашев Новосибирск шаарында катталгандыгы жөнүндө маалымат бар.
Ошондуктан, эл өкүлү Түштүк борбордун мэри камакка алынуусу керек деп эсептейт.
-УКМКнын төрагасына кайрылгым келет, өзүңөрдүн схемаңарга жараша Сарыбашевди СИЗОго отургузуу керек. Ал мыйзамдуу негизде Оштун губернатору жана мэри болгонбу, аныкталышы зарыл, -деди депутат.
Буга чейин интернетте Таалайбек Сарыбашев Орусиянын жараны экендиги жазылган документтер жарыяланган. Бирок мэр ал маалыматты четке кагып, бир кездерде РФте иштегенин билдирген.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ