Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин статс-катчысы Шамшиев Абдухалык Абдулхаевич ротация тартибинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысынын кызматына которулду. Бул тууралу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы Улугбек Календеров Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин статс-катчысы кызмат ордуна өткөрүлдү.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын министрлердин кабинетинин төрага Улукбек Марипов кол койду.
Теги: Абдухалык Шамшиев
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ