Кыргызстандын Футбол федерациясынын төрагасы Семетей Султанов кызматын тапшырды. Бул тууралуу ал федерациянын расмий сайтына жазып чыкты.
Семетей Султанов бул кызматка 2012-жылы шайланган. Төрт жылдан кийин 2016-жылы ал бул кызматка экинчи ирет шайланып келген, бирок өзүнүн билдирүүсүндө кызматтан мөөнөтү бүткүчө эле кетип жатканын маалымдады. Семетей Султанов аны кызматтан кетүүгө эч ким мажбурлабаганын жазган.
Султанов – экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы. Буга чейин федерациянын ишиндеги бир катар маселелерге байланыштуу анын дарегине нааразы пикирлер айтылып келген.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ