2021-жылдын 30-июнь күнү Чүй районунун ИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө Чүй районундагы жайлоолордун биринде бир аял ок атуучу курал менен атылып, өз өмүрүн кыйгандыгы тууралу маалымат келип түшкөн. Бул тууралу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Бул маалыматтын негизинде Чүй районунун ИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке дароо чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, анын дене-жаракаттары аныкталып, ал 1976-жылы туулган У.Н. аттуу жаран экендигин такталган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин алкагында жогорудагы кылмышка шектелип, каза болгон аялдын жарандык никедеги жолдошу 1976-жылы туулган Т.О. кармалган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Алар жайлоодо малчы болуп иштеп жүргөнү аныкталып, окуя мас абаланда жубайлардын ортосунда чыккан пикир келишпестиктен улам болгону маалым болгон.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалаган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ