Menu

Намангандагы селден сегиз киши каза болду

Бөлүшүү:

Наманган облусунун Касансай районундагы селден сегиз киши каза болуп, алтоо жаракат алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, селге Кыргызстандын Жалал-Абад облусундагы нөшөр жаан себеп болгон.

13-июлда түштө Наманган облусундагы Обод маалесин аралап өткөн Касансай дарыясы нугунан чыгып, үйлөрдү суу каптаган.

Мекемеден кырсык болгон жерге жергиликтүү Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын, Ички иштер башкармалыгынын жана прокуратуранын өкүлдөрү барганын, абал көзөмөлдө экенин билдиришти.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери издөө-куткаруу иштерин улантып жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: