Menu

Москвадагы калайман мушташка катышкан кыргыз жана тажик жарандары Орусиядан чыгарылат

Бөлүшүү:

Москванын “Кузьминки” метро станциясынын жанындагы калайман мушташка катышкан мигранттар Орусиядан чыгарылат. Бул тууралуу Москва шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

“Мушташка катышкан чет өлкөлүк жарандар Орусиянын аймагынан күчтөп чыгарылат. Ошондой эле аларга административдик айып пул салынып, айрымдарын өлкөгө кайра киргизбөө тууралуу чечим кабыл алынат”, – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Жалпысынан полиция мушташка катышкан деп 103 кишини кармаган. Аларга карата “Чет өлкөлүк жарандардын Орусияда жүрүү эрежелерин бузуу” жана “Майда бейбаштык” беренелери боюнча протоколдор түзүлгөн.

Орус медиасы 11-июлдагы калайман мушташта Кыргызстандын эки жараны бычакталганын жазган. Буга байланыштуу топтолгон кыргызстандыктар менен тажикстандыктарды полиция кууп таркатканын, жыйынтыгында 100дөй киши кармалганын билдирген.

Социалдык тармактарда адамдарды кармоо учуру тартылган видеолор тараган. Мындан тышкары тажиктерден бычак жеген кыргызстандыктын сүрөтү да жарыяланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: