Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам Кыргызстандын жаранынын үйү өрттөлдү. Бул маалыматты Кыргызстандын Чек ара кызматы таратты.
“Чек арачылардын кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу аракеттерине карабастан, эки өлкөнүн чектеш аймактарынын жашоочулары бири-бирине агрессивдүү мамиле кылып, натыйжада тажик жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн өрттөп жиберишти”, – деп жазылган Чек ара кызматы тараткан билдирүүдө.
Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Баткен чек ара отрядынын жеке курамы күчөтүлгөн режимге өттү.
Буга чейин Кыргызстанда жайгашкан Тажикстандын Ворух анклавынан өтчү Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна нааразы болгон тажик жарандары Ош-Исфана жолун Жака-Өрүк аймагынан жаап салышкан. Ал эми кыргыз жарандары Ак-Сай айылындагы жолду жапканы кабарланган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ