Menu

«Манас» аэропорту: «Ысык-Көл» аэропорту жума сайын 23 каттамды тейлейт, учуу залында 3 паспорттук көзөмөл күркөсү бар, бирок алар КР Чек ара кызматына тиешелүү

Бөлүшүү:

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы аэропортторду реконструкциялоо, жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча кызматтарды жакшыртуу боюнча чоң иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралу “Манас” эл аралык аэропортунун  басма сөз кызматы билдирет.

Үстүбүздөгү жылы «МЭА» ААКга авиация тармагы үчүн оор болгон 2020 жылкы-пандемиядан кийин, каттамдардын санын көбөйтүү планы коюлду. «Ысык-Көл» аэропортунда жаңы каттамдардын ачылуусу  мурдагыга салыштырмалуу билеттердин бааларынын төмөндөшүн шарттады.

Пандемия менен байланышкан  кырдаалда баардык аэропорттордун кызматкерлери оор шарттарда, кээде тыныгуусуз, 2 нөөмөттө калып иштешүүдө.  Аэропорттордун жетекчилиги жана кызматкерлери тарабынан колдон келишинче бардык санитардык нормалар сакталууда.

Ошону менен бирге компаниянын жетекчилиги жүргүнчүлөрдү тейлөөнү жакшыртуу боюнча бардык сын-пикир, сунуштарга көңүл бөлөөрүн белгилейбиз.

Учурдан пайдаланып «Ысык-Көл» аэропорту гана эмес, бардык аэропорттордун жүргүнчүлөрүнө – социалдык аралыкты сактоону жана сабырдуу болууну өтүнөбүз.

Ал эми «Ысык-Көл» аэропортундагы жүргүнчүлөрдүн көптүгү тууралуу.

Бул жылы аэробекеттин  өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында аэробекет 160 чарчы метрге кеңейтилди.

Ошондой эле «Ысык-Көл» аэропортунун учуу залында 3 паспорттук көзөмөл күркөсү иштейт. Бирок, андагы кызматкерлер жана алардын иштөө тартиби «МЭА» ААКга эмес, КРдин Чек ара кызматына тиешелүү.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортун реконструкциялоо» долбоорунун 3-баскычы азырынча баштала элек. Учурда аэробекеттин аянтын кеңейтүү боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Долбоор жаңы АБКнын курулушун жанан анын техникалык жактан  жабдылышын камтыйт.

Бүгүнкү күндө «Ысык-Көл» аэропорту жума сайын 23 каттамды тейлейт.  (6 ички жана 17 эл аралык). Буга чейин каттамдар жайкы мезгилде гана учушса, азыр Новосибирск, Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Ростов-на-Дону жана башка Россиянын шаарларына каттамдар 24/7  режиминде жыл боюу аткарылууда.

Ошондой эле «Аэрофлот» авиакомпаниясы Москва-Тамчы-Москва маршруту боюнча жумасына 3 ирет туруктуу уча баштады. Бул эл аралык деңгээлдеги авиакомпаниялардын «Ысык-Көл» аэропорту учуулардын коопсуздугу жана тейлөөнүн сапаты боюнча бардык талаптарга жооп бергендигин ырастагандыгын билдирет.

Маалымат үчүн:

2015-жылы «МЭА» ААК өз каражатынын эсебинен  «Ысык-Көл» эл аралык аэропортун реконструкциялоо” долбоорунун биринчи баскычын аяктаган. Анын негизги максаты учуу тилкесин узартуу, кошумча такси жолун куруу жана перронду кеңейтүү болгон.

2016-жылы «МЭА» ААК «Ысык-Көл» аэропортун реконструкциялоо» долбоорунун экинчи баскычын аяктады. Ага ылайык  аэродромду ИКАОнун биринчи категориясындагы жарык-сигналдык жана инструменталдык конуу системасы менен жабдуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле, ИКАОнун талаптарына жана стандарттарына ылайык аэропортту электр менен камсыздоо жүргүзүлдү.

2020-жылы Күйүүчү май куюучу комплекс (TZK) курулду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: