Menu

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата элчилер жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, өлкө Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Иш-чарага Кыргызстанда аккредитацияланган чет мамлекеттердин элчиликтеринин жана эл аралык уюмдардын 50дөн ашуун жетекчилери катышты.

Мамлекет башчысы иш-чаранын катышуучуларына кайрылуусунда өлкө тарыхый тандоосун 1991-жылдын ошол оор күндөрүндө, Советтер союзу мамлекет катары жок болуу алдында турган кезде, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин сессиясында «Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларациясы» тууралуу токтомду кабыл алуу менен өзүнүн эгемендүүлүгүн жана суверендүүлүгүн жарыялаганын баса белгиледи. Ошондон тартып Кыргызстан эл аралык укуктун толук кандуу катышуучусу жана субъектиси болуп калды.

Президент суверендүүлүк жана демократия жолун тандап алган Кыргызстандын эгемендик мезгил ичиндеги жетишкендиктерин белгиледи.

Анын сөзү боюнча, оптималдуу өнүгүү моделин издеп, өлкө ар кандай сыноолорго кабылды, өйдө-ылдый жагдайлар болду, алардын баары республикада бир катар ички саясий кризистик окуяларга, анын ичинде трагедияларга алып келип, өлкөнүн өнүгүшүнө ар кандай деңгээлде таасирин тийгизди.

«Ошол оор шарттарда Кыргызстан коомдогу пикир келишпестиктерди жеңе алды: туруктуулукту, эл аралык ынтымакты, биримдикти жана толеранттуулукту камсыздоого жетишти. Ошондой эле жарандык коому активдүү, адилеттүүлүк үчүн, татыктуу жашоо укугу үчүн күрөшкөн өлкө жана эркиндикти сүйгөн эл деген имиджди сактап кала алды.

2020-жылы пандемияга байланыштуу Кыргызстандын экономикалык өсүү темпи 8,6%га төмөндөдү. Азыркы учурда пандемия уланып жатат, бирок ага карабастан 2021-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча экономикалык активдүүлүк акырындан калыбына келүүдө жана кээ бир тармактарда өсүш байкалууда.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан 165 мамлекет менен дипломатиялык мамилелерди түзгөн. 124 эл аралык уюмдун мүчөсү. Алар менен саясий диалогду жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн биз узак мөөнөттүү жана көп кырдуу кызматташууну жигердүү өнүктүрүп жатабыз.

Кыргыз Республикасы Бириккен улуттар уюмунун уставында бекитилген эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, анын ичинде мамлекеттердин суверендүү теңчилиги, ички иштерге кийлигишпөө, аймактык бүтүндүктү урматтоо жана эл аралык талаштарды, чыр-чатактарды саясий-дипломатиялык ыкмалар аркылуу тынчтык жолу менен чечүү принциптерин бекем карманат», – деп айтты Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы өлкөнүн көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн, ошондой эле улуттук кызыкчылыктарын коргоого багытталган ачык, тең салмактуу жана тышкы саясатты тынч жүргүзүү улантыларын кошумчалады.

«Эгемендүүлүктүн алгачкы күндөрүнөн тарта коңшу өлкөлөр менен чек ара маселелерин чечүү артыкчылыктуу багыт болгондугун баса белгилеп кетүү маанилүү деп эсептейм. Бул региондо коопсуздуктун жана туруктуулуктун жалпы мейкиндигин түзүүнүн ишенимдүү пайдубалы болуп калууга тийиш.

Биз 1996 жана 1999-жылдагы келишимдер аркылуу улуу кошунабыз Кытай Эл Республикасы менен, ошондой эле 2001-жылдагы келишим аркылуу боордош Казакстан менен мамлекеттик чек арабызды укуктук жактан тактап алганбыз.

Учурда Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара маселеси чечиле элек жана алар боюнча сүйлөшүүлөр улантылууда.

Мен Өзбекстан менен чек ара маселелерин тактоо жигердүү жана өз ара түшүнүшүү духунда бара жатканын баса белгилегим келет.

Ошондой эле Тажикстан менен сүйлөшүүлөр активдешип, мамлекеттик чек аранын жалпы узундугунун 50 пайыздан ашык жери боюнча макулдашылды. Тажикстан менен чек ара маселесинин жыйынтыгын чыгарыш үчүн кыргыз-тажик өкмөттөрү саясий чечим кабыл алып, бири-бирин сыйлоо жана урматтоо принцибинин негизинде сүйлөшүүлөрдү улантышыбыз зарыл», – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал кошуна мамлекеттер менен саясий, соода-экономикалык жана маданий байланышты өнүктүрүү, интеграцияны бекемдөө өлкө үчүн негизги приоритет экенине токтолду.

«2015-жылы Кыргызстан Россия, Казакстан, Беларусь жана Армения кирген Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчөсү болуп калды. Бул соода-экономикалык мамилелерде, ошондой эле өнөр жай өндүрүшүн жана айыл чарбаны көтөрүүдө оң жыйынтыктарга алып келип, кыргыз ишкерлери үчүн Евразия экономикалык биримдигинин шартында иштөө мүмкүнчүлүктөрүн түздү.

Эмгек мигранттарынын жумушка орношуу жол-жоболорунун жана социалдык шарттарынын жеңилдеши менен Россиянын, Казакстандын жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн эмгек рыногунда кыргыз жарандарынын шарттарынын жакшырышы – Кыргызстан үчүн талашсыз артыкчылыктардын бири», – деди Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров регион боюнча жакын өнөктөштөр – Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанды аталган уюмга мүчө катары көргүсү келгенин билдирди.

Анын сөзү боюнча, Кыргызстан Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуулары түрүндөгү региондук диалог узакка созулган тыныгуудан кийин Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен туруктуу негизде жанданып жатканына чоң маани берет.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын 6-августундагы Түркмөнстанда өткөн Үчүнчү консультативдик жолугушууда биз коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыздоо, глобалдык коркунучтарга жана коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү, соода-экономикалык, каржы-инвестициялык, транспорт-коммуникациялык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык, маалыматтык-технологиялык кызматташуу, айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу, өнөр жай өндүрүшү тармактарында региондук өз ара пайдалуу биригүүнү мындан ары өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын, формаларын жана механизмдерин карап чыктык.

Андан соң Президент улуттук жана региондук деңгээлдеги коопсуздукту камсыздоо үчүн кызматташууну күчөтүүнү талап кылып,  бүгүнкү курч турган  аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелерине токтолду.

«Коңшулаш жана боордош өлкө Афганистанда болуп жаткан акыркы окуялар бүтүндөй дүйнө жүзүн тынчсыздандырууда.

Биз мүмкүн болушунча тез арада Афганстандагы ички саясий абалдын турукташуусуна, көп улуттуу афган элинин бейпилдикте жана коопсуздукта жашоосуна чын пейилден кызыкдарбыз», – деп билдирди Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаровдун белгилешинче, Кыргызстан терроризмдин бардык көрүнүштөрүнө каршы күрөшүү маселелерине өзгөчө маани берет. Ушуга байланыштуу, Кыргызстан эл аралык терроризмге жана экстремизмге, баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка, кибер кылмыштуулукка, мыйзамсыз миграцияга жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча эл аралык уюмдар жана башка мамлекеттер менен эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташат.

«Региондогу кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу тез арада чек ара аймактарыбызды бекемдеп, көзөмөлдөө ишин активтештирүү менен бирге кыргыз армиясынын курал-жарак жана аскердик техникасын толуктап, аскердик күчтөрүбүздүн күжүрмөндүүлүгүн жогорулатуу учурдун негизги максаты деп эсептейм», – деп айтты Садыр Жапаров.

Мындан сырткары, дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргызстан үчүн жаратылышты коргоо, мөңгүлөрүн, токойлорун, өзөн-сууларын сактап калуу азыркы мезгилдеги эң приоритеттүү багыттардын бири. Ошондуктан жашыл экономиканы өнүктүрүү, аны күндөлүк турмушта колдонуу – мезгилдин талабы экенине токтолду.

«Жашыл экономиканы өнүктүрүү, аны күндөлүк турмушта колдонуу – мезгилдин талабы. Ушуга байланыштуу Нарын дарыясынын нугунда Камбар –Ата 1 ГЭСин, орто жана кичи ГЭСтерди куруу жана ишке киргизүү долбоорлору менен бирге жашыл инвестициялык фондду түзүү кыргыз өкмөтү үчүн жакынкы 1-2 жылдын аралыгындагы негизги иши болушу керек», – деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент бизнес үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү маселесине да токтолуп, бул багытта кардиналдуу экономикалык, фискалдык, транспорттук-логистикалык  жана тышкы соода саясатын өнүктүрүү боюнча реформаларды ишке ашыруу башталганын кошумчалады.

«Ошол эле учурда санариптик мейкиндикти түзүү – өнүгүүнүн маанилүү компоненти болуп эсептелет.

Эң оболу биз мамлекеттик системада жана экономикада түзүмдүк реформаларды жүргүзүүгө кириштик, социалдык коргоо деңгээлин, билим берүү жана квалификациялуу кесипкөй кадрларды даярдоо сапатын көтөрүүгө умтулуп, өлкөнүн илимий-техникалык потенциалын жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү аракетиндебиз», – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Кыргызстан биринчи кезекте, саясий, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча, коопсуздук жана аскердик-техникалык кызматташтык, суу-энергетикалык жана инфратүзүмдүк, айыл чарба тармактарындагы, ошондой эле саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданий-гуманитардык, финансылык-техникалык чөйрөлөрдөгү маселелер боюнча конкреттүү макулдашууларга жетишүүгө умтулганын айтты.

«Менин Президент катары Москвага, Ташкентке, Нур-Султанга, Анкарага, Ашхабадга, Душанбеге болгон алгачкы иш сапарларым ушул маселелерди чечүүгө багытталды.

Биз стратегиялык өнөктөштөрүбүз, союздаштарыбыз жана дос мамиледеги өлкөлөр менен кызматташтыкты мындан ары да ар тараптан өнүктүрүүгө кызыкдар экендигибизди сүйлөшүп, орток пикирге келдик.

Ошондой эле биринчи кезекте, Борбор Азия чөлкөмү боюнча биздин кошуналарыбыз жана дүйнөнүн күчтүү мамлекеттери болгон Россия, Кытай, Түркия, андан сырткары стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө келишимдер түзүлгөн Индия жана Венгрия менен тыгыз байланыштарды өөрчүтүү ниетиндебиз», – деп белгиледи Президент.

Садыр Жапаров Америка Кошмо Штаттары жана ишенимдүү өнөктөш Европа Биримдиги менен, ошондой эле башка Европа өлкөлөрү жана Азиянын, Түштүк Кавказдын, Орто жана Жакынкы Чыгыштын алдыңкы мамлекеттери менен конструктивдүү мамилелер түзүлгөнүн да кошумчалады.

Мамлекет башчысы коронавирус пандемиясынын кесепеттерин жоюуда көрсөткөн баа жеткис колдоосу, гуманитардык жана техникалык жардамы, өлкөбүздү өнүктүрүүгө катышкандыгы үчүн бардык союздаш мамлекеттерге, өнөктөштөргө жана эл аралык уюмдарга ыраазычылык билдирди.

«Күн тартибинде турган эки жана көп тараптуу актуалдуу маселелерди илгерилетүүгө чогуу аракеттенүү аркылуу биз элдерибиздин тынчтыгы, туруктуу өнүгүүсү жана бакубаттуулугу үчүн чоң-чоң натыйжаларга жетишебиз деп ишенем.

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана мен өзүм сиздерге маанилүү жана жооптуу дипломатиялык ишмердигиңиздерге жардам көрсөтүүгө даярбыз», – деп сөзүн жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: