2021-жылдын 8 май күнү Сокулук РИИБна арыз менен Бишкек шаарынын тургуну 60-жаштагы Т.Г. атту жаран кайрылган, себеби 2014-жылдын август айында Сокулук районуна караштуу Ново-Павловка айылында жайгашкан 10 сотых жер тилкесин О.Ч. аттуу жарандан 300 000 сомго сатып алып, бирок ал жер тилкени көрсөтүп бербестен изин суутуп качып кеткен.
Аталган факт Сокулук РИИБнун КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын ЖКнин 204-беренеси (алдамчылык) фактысы менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Чүй ОИИББнын Криминалдык милиция кызматкелери жана Сокулук РИИБнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары мурда сот жообуна тартылган 57-жаштагы О.Ч. кармалган. Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 95-беренесине ылайык Сокулук РИИБнун убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Азыркы учурда О.Ч. карата жогоруда көрсөтүлгөн фактыдан башка 8 фактысы Сокулук РИИБнүн тергөө кызматында тергелип жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ