Menu

ИИМ: Алдамчылык үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү менен Россиянын ИИМнин аймактык бөлүмдөрүнүн биргелешип жүргүзгөн иштеринин натыйжасында, ири алдамчылык аракеттери үчүн өз мекенинде издөөдө жүргөн жарандын жүргөн жери аныкталып  кармалды.  Издөөдө жүргөн жаран алдоо жолу менен жабырлануучулардын ишенимине кирип,  аларга олуттуу чыгым келтиргени аныкталган.
2021-жылдын 29-октябрында ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Россиянын ИИМнин Москва шаары боюнча Башкы башкармалыгынын жана Россиянын ИИМнин Москва шаарындагы Выхино-Жулебино району боюнча бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери  издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун 1982-жылы туулган Э.О. тургунун аныктап, кармашты. Алынган маалыматтар боюнча, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турат.
Ал 2010-жылдан 2013-жылга чейин 14 алдамчылык фактысын жасоого шектелип 2016-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.  Жабыр тарткан ишкерлерге келтирилген материалдык чыгым 33 миң 500 доллардан ашат.
Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган жаран узак убакыт бою жасалма документтерди жасап, өзүн соода жайынын ээси катары көрсөтүп, жарандарды алдап, башка бирөөнүн мүлкүн чоочун адамдарга мыйзамсыз сатып жүргөн.
1982-жылы туулган Э.О. аттуу жаран 2015-жылдан бери Ош облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан издөөдө жүргөн. 2016-жылдын сентябрь айында мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Маалым болгондой, издөөдө жүргөн жаран Москва шаарында жүргөндө жакын тууганынын паспортун колдонуп, 5 жыл изин жашырууга үлгүргөн.
Учурда издөө алган тарапка маалымат берилип, жаран Э.О. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Өз өлкөсүнө экстрадициялоо маселеси 1993-жылы кабыл алынган Минск конвенциясына ылайык чечилүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: