Menu

Мэрия: таштанды полигонунда 5-январдан тарта завод курууга даярдык көрүлөт

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Бишкек санитардык полигонунда завод курганы жаткан “Эко-Тренд Плюс” ишканасынын өкүлдөрү менен жолукканын мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда инвестор 5-январдан баштап таштанды полигонунда завод курууга даярдык көрөрү айтылды. Өткөн жылдан 24-декабрында Бишкек мэриясы менен “Эко-Тренд Плюс” компаниясы келишим түзгөн. Ага ылайык, ишкана полигондо таштандыны иргеп, кайра иштетүүчү завод салат.

Шаар бийлиги Бишкектин таштанды төгүүчү жайында завод курулаарын бир нече жылдан бери айтып келет. Буга чейин мэр Айбек Жунушалиев борбор калаанын түндүк тарабындагы таштанды төгүлүүчү жайды жөнгө салуу үчүн Европа өнүктүрүү банкынан бөлүнө турган 22 млн. евронун 10,5 миллиону коротулганын, бирок эч кандай иш жасалбаганын айткан.

Бишкек шаарына караштуу Санитардык полигон ишканасынын көзөмөлүндөгү шаардык таштанды талаасы учурда оор абалда. Техниканын жетишсиздигинен улам убагында түртүлбөй, сорттолбогон таштандылар белгиленген аймактан чыгып кеткен. Бишкектеги таштанды жайы 1978-жылдан бери иштеп жаткан. Учурунда 400 миң кишиге эсептелген. Учурда Бишкек шаарында миллиондон ашык киши жашайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: