Menu

Түштүк Кореянын Канвондо жана Чолла-Намдо провинциялары кыргыз жарандарын сезондук айыл чарба жумуштарына чакырууга даяр

Бөлүшүү:

16-июнда КР жарандарын чет өлкөлөргө ишке орноштуруу  борборунун өкүлдөрү Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигинин жардамы менен Канвондо, Чолла-Намдо провинцияларынын жана Улсан шаарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууларда КР жарандарын Түштүк Кореянын провинцияларында жана шаарларында келишимдик жумуштарга орноштуруу маселелери талкууланды.

Жергиликтүү бийлик органдары кыргыз тарап тартуулаган маалымат менен таанышып чыккандан кийин азыркы учурда аларга жумушчу күчтөрү керек экендигин баса белгилешти. Ошондой эле кыргыз жарандарын сезондук айыл чарба жумуштарына тартууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бул жолугушууну элчилик Кореянын губернаторлорунун ассосациясынын (GAOK) жардамы менен уюштурду.

Андан башка да элчи Аида Исмаилова Кореянын «SEEDON» компаниясынын президенти Сон Хён Юль мырза жетектеген делегация менен жолугуп, кыргыз жарандарын сезондук айыл чарба жумуштарына тартуу мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөштү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: