28-декабрда Орусиядагы Санкт-Петербург шаарында Бирични райондогу өтүүчү жолдун курулуш аянтынан бетон плитасы кулап, эки жумушчу каза болду. Алардын бири 22-жаштагы Тажикстандын жараны болсо, экинчиси 28-жаштагы Кыргызстандын жараны болчу. Бул тууралуу akhbor сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Себеби, ушул жылдын 21-декабрында эле дагы бетон кулап, үч адамды басып калган. 23-жаштагы Тажикстандын жараны окуя болгон жерден көз жумган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ