Үстүбүздөгү жылдын 27-июнунда КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгү (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мунай заттарын 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражаттарына мыйзамсыз сатып жаткан жеринен Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлигинин №38 ДЭПинин битумдук чуңкурунун башчысы А.Т.Т. кармалды. Ал жеке баюу максатында мамлекеттин балансында турган битумду тынымсыз сатып келген.
КР УКМК 2022-жылдын 27-июнунда КР Транспорт министрлигинин Таш-Көмүр шаарындагы №38 ДЭПнын мамлекеттин балансында турган битумду мыйзамсыз саткан кызматкерлерине карата чараларды көрүү өтүнүчү менен Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын тургуну, КР Т.И.Д. аттуу жараны кайрылган. Кайрылуу учурунда А.Т.Т. 1 тонна битумду 60 000 сомго сатам деп Т.И.Д.ге убада кылган.
Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ