Menu

KLOOP.KG басылмасынын башкы редактору “Азаттыктын” журналисттери менен саясатчылардын коюн-колтук алышып кеткенин сындады

Бөлүшүү:

KLOOP.KG басылмасынын башкы редактору Анна Капушенко өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасында “Азаттык” радиосундагы кызматтык этика, журналисттер менен саясатчылардын коюн-колтук алып кетиши, кызыкчылыктар кагылышы тууралу пост жазып, “Азаттыкты”  кескин сынга алды.

Эсиңиздерге сала кетсек, 26-июнда шаардагы кафелердин биринде АКШ тарабынан каржыланган “Азаттык” радиосунун журналисти үйлөнүү тоюн берип, анда “Азаттыктын” жыйырмадан ашык журналисттери менен ондон ашык саясатчылар кошулуп тойлошкону ЖМКларга жарыяланган. Тойдо КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, КР Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Жанар Акаев баштаган экс-депутаттар жана экс-министрлер катышышкан.

“Урматтуу журналист-кесиптештер. Менин көз карашым боюнча, бул өтө эле аша чапкандык. Эгер менин редакциямда өзүнүн үйлөнүү тоюна саясатчыларды чакырган журналист иштеген болсо ал дароо кызматынан айдалмак. Бул деген өтө олуттуу кызыкчылыктар кагылышы. Мен билгенден саясатчылар “Азаттык Медианын” азыр иштеп жаткан журналисти Марат Тагаевдин үйлөнүү тоюна келишиптир”, – деп жазган Анна Капушенко Azattyk Media, Институт Медиа Полиси, Бегайым Усенова, Медиа Өнүгүү Борбору жана ЖМКларга арыздар боюнча комиссияны белгилеп, талкууга чакырган. Бул пост кызуу талкууну жараткан.

“Таңгалычтуу! Сөз жок кыскасы. Мына сага “көз карандысыз ЖМК”.  Кызык, абдан кызык” – деп комментарий жазган Алина Касмалиева аттуу соцтармактын колдонуучусу.

“Венера эже, (Венера Жуматаева, “Азаттык” радиосунун Прагадагы башкы жетекчиси – ред.) чындыгында эле кызматкериңиздин тоюнда ушунча саясатчы чогулганы бир топ суроолорду жаратты. Себеби баары бир башка журналисттер “Азаттыкты” үлгү тутуп, түздөнүп жатпайбы,” – деп жазат жаш журналист Элвира Султанмурат кызы.

“Мен тойдо “Ата-Мекен” партиясынын эски курамын көрдүм, Марат Тагаев мурун, “Азаттыкка” чейин  “Ата-мекен” партиясы үчүн иштеген, балким алар менен болгон мамилелерин сактап калса керек. Адамдын жеке турмушу анын жумушуна тоскоол болбошу керек жана тескерисинче жумушу жеке турмушуна тоскоол болбошу зарыл. Мараттын проффесионалдык сапаттарына баа бериш үчүн ал жарыялап жаткан материалдарды жана аларда Марат калыстыкты карманып жатабы, мына ушуларды караш керек. Андан башка да, журналисттер саясатчылар кожоюндук кылган банктардан кредит алышат, саясатчылар ээлик кылган бизнестердин кызматтарынан пайдаланышат, жана журналисттердин достору, туугандары, бир пикирлештери болот – эң башкысы ал булардын баарын өз жумушуна жолотпош керек,” – деп жазды тойго чакырылган “Азаттыктын” мурунку иликтөөчү журналисти, кийин коомчулуктун айрым бир бөлугү Райым Матрайымовго иштеп кетти деп айыптаган Элнура Алканова.

“Мен сизди жакшы түшүнө бербедим, бул жерде кредит менен бизнестин кызматтарынын кандай тиешеси бар? Эге биз журналисттер саясатчылардан кызыкчылыктар кагылышына аралашпоону талап кылып жатканыбыздан кийин биз өзүбуз да ошондой эле репутацияларга татыктуу болушубуз зарыл эмеспи,” – деп жооп кайтарды KLOOP.KG басылмасынын баш редактору Анна Капушенко.

Мындан ары талкуунун стенограммасын гана сунуштайбыз:

Элнура Алканова: Биздин кичинекей коомдо адам өзүн таптаза вакуумда кармоо мүмкүн эмес деген ойду айткым келген. Журналисттердин да саясый көз караштары, ишенимдери бар, ошого жараша өз эрки же башка себептерден улам башка пикирлештери менен жакындашат, достошот, мамиле түзүшөт, кеңешет, бирок эң башкысы ал жакындарыңдын сенин ишиңе кийлигишүүсүнө жол бербөө зарыл. Мен ушул гана чекти көрүп турам. Ал эми үйлөнүү тою деген адамдын жеке турмушуна кирет, эгер редакция адамдын жеке турмушуна кийлигишсе анда бул жерде Эмгек кодекси күчүнө кирет. Адамдын жумушу менен жеке турмушу бири-бири менен карама-каршылыкка кирбеш керек.

Анна Капушенко: Биздин редакция саясатчылар менен достошпой эле, бир жакшына иштеп келе жатат.

Айзирек Иманалиева: Менин такыр акылым жетпей жатат – кантип үйлөнүү тоюнда Эдил Байсаловдон “көшөгөңөр көгөрсүн, бактылуу болгула” деген каалоо-тилектер коштолгон бата алып, стакан кагыштырып, бийлеп-чордоп жана өбүшүшөт. Анан жумушка келип Байсаловдун иши тууралу же анын айткан сөздөрү жөнүндө объективдүү макала жазууга болот! Ишенүү мүмкүн эмес.

Махинур Ниязова, 24.kg басылмасынын редактору:  Анна, сен аябай кызыктуу дискуссияны алып чыктың. Ушул маселе дайыма менин да көкүрөгүмдү өйүп келет. Менин айланамда да ушундай адамдар бар, көңүлүң жакындашат, алтургай достошуп да кетесиң, анан эле бир күнү мына сага дегенсип ал досуң шайтан ургандай саясатка аралашып кетет… албетте мага аны ачык же  жеке сүйлөшүүдө сындоого эч ким тоскоолдук кылбайт. Бирок аларды ушундай үйлөнүү үлпөттөрүнө чакырат белем, билбейм…

Анан ыраматылык Улан Эгизбаевдин (“Азаттыктын” мурунку журналисти – ред.)  үйлөнүү тою эсиңдеби? Анын да үйлөнүү тоюна жайнаган саясатчылар катышышкан. Ошого карабай биз анын журналисттик иликтөөлөрүнө суктанганыбызды токтоткон эмеспиз. Ал көз жумгандан кийин анын атындагы сыйлык да уюштурулган.

Анна Капушенко: Эсимде жок.  Ал кезде мен мындай иштерге азыркыдай терең байкоо салчу эмесмин, анткени анда мен башкы редактор эмес элем. Эми мени этикалык маселелер көбүрөөк ойлонто баштады.

Мага бүгүн муну кыргызчылык деп түшүндүрүштү. Түшүндүрүү кыйын, менталитет ушундай деген сыяктуу.

Элнура Алканова: Эмне үчүн жазуучулар жана илимпоздор шайлоого чыга алат, ал эми журналисттер чыкпашы керек?

Анна Капушенко: Анткени жазуучулар жана илимпоздор журналисттик иликтөөлөрдү жасашпайт.

Элнура Алканова: …“Азаттыктын” журналисти Шайырбек Эркин экс-премьер Өмүрбек Бабановдун пресс-катчысын “Азаттыктын” Бишкектеги бюросуна директорлукка дайындоого каршы чыкканда Шайырбек Эркинди кызматтан бошотуп салышкан. “Азаттыкта” мындай кейстер көп…

Iris Kogin (сүрөткө комментарий берип): Тойго жалаң колхозчулар чогулуптур.

Элнура Алканова: Бүгүн мага “Азаттыктагы” мурунку коллегаларым айтып беришти, “Азаттыктын” редакциясында эмне үчүн тойго саясатчылар чакырылганы эч кандай суроо жаратпаптыр, анын ордуна эмне үчүн Марат мени тойго чакырганы аларды бушайманга салыптыр.

Асел Сооронбаева, ЖМКларга арыздар боюнча комиссиянын өкүлү:  Анна, сиз өтө кызыктуу дискуссияны көтөрүп чыктыңыз. Бирок мен ЖМКларга арыздар боюнча комиссиянын атынан айтарым, биздин комиссия журналисттердин жүрүш-турушун карабайт, биз алардын контентине гана баа беребиз.

Эсиңиздерге сала кетсек, “Азаттык” радиосунун Прагадагы башкы жетекчиси Венера Жуматаеваны коомчулук өз учурунда ал кездеги президент Алмаз Атамбаев менен тымызын кызматташкан деп айыптап келет.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: