Menu

Ошто орусиялык ФСБнын 3 кызматкери каза болду

Бөлүшүү:

Ошто Орусиянын үч жараны каза болгон жол кырсыгы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу 27-июлда журналисттерге шаардык милициядан билдиришти.

Айрым маалымат каражаттары каза болгон үч адам Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери экенин жазып жатышат. Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги жана Оштогу Башкы консулдугу бул боюнча расмий маалымат бере элек.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Абсатар Тавакаловдун айтымында, окуя 26-июлга караган түнү болгон:

“Гапар Айтиев көчөсүндө болжол менен түнкү 1:30 чамасында “Хонда” үлгүсүндөгү автомашина жарнама орнотулган мамыны сүзүп, аварияга кабылган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө тобу жерине барып, тактоо иштерин жүргүзгөндө ал жерде жан берген үч адам Орусиянын жарандары экенин аныкталган”.

Машина кырсыкка катуу ылдамдыкта баратып кабылганы, мамыны сүзүп, экиге бөлүнүп кеткени, каза болгондордун жаш курагы 47, 40 жана 36да экени айтылууда.

Ошто Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын ыкчам чек ара тобунун өкүлчүлүгү иштейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: