Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы күн сайын начарлап жатат. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.
Мурдараак Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары аны дарылануу үчүн Орусияга жиберүү өтүнүчү менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылуу жолдошкон.
Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесаров маалымдаган. Анын айтымында, Атамбаевдин жакындарынын суранычы менен Россия президентинин Иш башкармалыгына караштуу ооруканадан Атамбаевди дарылоо жөнүндө маалымкат келген. Ал документ өтүнүчкө тиркелген.
ЖАМК жактоочулардын өтүнүчү тууралуу маалыматты тактай турганын билдирди.
Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда коррупция жолу менен бошотулганына байланыштуу айыпталып, 2020-жылы июнь айында 11 жылга соттолгон. Быйыл 15-мартта Жогорку сот буга чейинки инстанциялардын 11 жылга эркинен ажыраткан өкүмүн күчүндө калтырган.
Азыркы тапта Атамбаев 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча шек саналып жатат. Ага Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча да айып коюлган.
Ал 2019-жылдын августунан бери камакта. 2020-жылы октябрь айындагы башаламандыкта абактан чыгып, кайра камалган. Мурдагы президент өзүнө тагылган бардык айыптарды четке кагып, саясий куугунтукка кабылганын айтып келатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ