Menu

Айбек Дайырбеков, КР Кинематографисттер союзунун төрагасы: Кыргызстанга Хабиб сыяктууларды жума сайын алып келсеңер дагы алардын кѳрүүчүлѳрүнүн саны кинонун кѳрүүчүлѳрүнѳ жетпейт. Кинону миллиондогон адамдар көрөт

Бөлүшүү:
КР Кинематографисттер союзунун төрагасы Айбек Дайырбеков 3-сентябрь күнү президент Садыр Жапаров тапшырган мамлекеттик сыйлыктардан кийин өзүнүн ой-толгоосун Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу бөлүштү.
“Сыйлык алгандардын баарын куттуктайм! …
Кемчиликсиз болбоду…
Узак кеп, чыдап окуп койгула. …
Талант, маңдай тер жана интригалар…
Кыргызстанда баардык ишмерлер жердешчилигине, кландарга, партияларга бѳлүнгѳнүнѳ карабай, чоОоң эки топко эле бѳлүнѳт: Биринчиси: таза иштеп, уурдабай, улуп-жулбай, ѳмүрүн ишине, мекенине байлагандар, экинчиси – интриганттар, булар ар кимдин эшигин каккылап, сѳз ташып, атаандаштарын кѳѳ менен шыбап сыйлыктарды, кызматты алып жанын баккандар. Бул эки чоң күч, негизи, теңме-тең келет..
Сыйлыктар тапшырылган сайын 80 пайызы эмгеги үчүн алып, 20 пайыздайы тааныш-туунуш менен алчы эле. Бул жолу тескерисинче болуп калгандай. Ак жургѳн байкелер, тараза ооп бараткансыйт. Алдырбагыла. Таза жүргѳндѳр чалып сурай башташты, искусствого, профессионализмге кайдыгер мамиледен тажадык, акчасын деле берет элек, кимге бериш керек экен дей башташты. Андай нерсеге аралашып кѳрбѳгѳн мен дагы эмне деп жооп беришти билбейт экенмин.
Былтыр, кыргыз киносунун 80 жылдыгында 3 эле кинематографистке сыйлык берип коюшкан. Маданият министри Азамат Жаманкулов сѳз берди эле, туура эмес болуп калды, кийинкисинде болгон күчүмдү жумшайын, кинематографисттер кѳп ийгиликтерге жетишип атасыңар деп. Же кинону түшүнбѳйбү, же анын сѳзүн угушпайбы? Болбосо комиссияга какшап, тастыктап бере турган биринчи киши министр эмеспи? Кыргыз киносун ѳнүктүрѳ турган стратегиялык маанилүү бир канча долбоорду Маданият министрлиги дагы, Департамент дагы колдобой койгонун ѳзүнчѳ жазайын.
Баса, кинематографисттердин акыркы бир жылдагы эле ийгилигин айтып ѳтсѳм:
2021-жылдын 1-сентябрынан бери кыргыз кинолору эл аралык аренада 164 фестивалга катышып, 95 сыйлык алыптыр. 95! Булар мен билгендери гана. Алдыда тѳрт кино абройлуу, дүйнѳ жүзүндѳгу эң чоң фестивалдарга катышканы турат. Маданияттын башка кайсы тармагында ушундай ийгиликтер бар? Айтып койгулачы, бир мактангылачы! Мүмкүн билбей жүрѳбүз. Баардыгын чогултсаңар дагы мынча сыйлык бир жылда чыкпаса керек. Бул профессионалдык кинематограф жѳнүндѳ. Ал эми элдик кино дей турган болсок, Кыргызстанга Хабиб сыяктууларды жума сайын алып келсеңер дагы алардын кѳрүүчүлѳрү кинонун кѳрүүчүлѳрүнѳ жетпейт. Миллиондогон адамдар үчүн эң жеткиликтүү – бул кино. Расмий статистика дагы бар. Ишенбесеңер карап койгула, Кыргызстанда жылына канча миллион адам кинотеатрлардан кино кѳрүп жатканын.
Кыргызстандын бренди – киносу.
Же материалдык жактан колдой албайсыңар, же моралдык жактан колдой албайсыңар. Же кинематографисттер дагы жакшылыгыңарга барып ырдап берип, тоюңарда тамада болуп жүрсүнбү?
Кино тармагы – маданияттын эң чоң тармагы. Миңдеген адам кызмат ѳтѳйт, канча кино театрлар, студиялар бар. Канча үй-бүлѳ жанын багып келатат. Кыргызстан жѳнүндѳ канчалаган ѳлкѳ кино аркылуу тааныйт. Анан сыйлыка келгенде башка бир мекеме алган сыйлыктардын теңинен аз алып калышат.
Геннадий Базаров, Манас Мусаев, Темир Бирназаров, Эрнест Абдыжапаров, Садык Шер-Нияз, Эмиль Борончиев сыяктуу, дагы кѳптѳгѳн ага-эжелерибиз татыктуу эмепи? Канча режиссер, оператор, сценаристтер, сурѳтчулѳр, монтажерлор, ун режиссерлору, аниматорлор, кийим боюнча сурѳтчулѳр, гримерлор, продюсерлер, экинчи состав журѳт. Анан итке сѳѳк ыргыткансып 2-3 сыйлык таштап койосуңар. Же, алардын дагы ѳлүшүн күтүп жүрѳсүңѳрбү? Кѳзү ѳткѳндѳн кийин берели деп? Эрнест Абдыжапаров берсеңер дагы албайт. Ѳзүнѳн сурабай туруп алып барып бериш керек. Алып койчу деп сураныш керек. Кайдыгерлик мамиледен эбак тажап, принциптерин ѳзгѳрткѳн.
Отузунда орок орбогон кыркында кылыч чаппайт.
Баарыбыз сыйлаган кесиптеш агаларыбыз мындан жыйырма жыл мурун эле кээде арманын айтып калышчы эле: Биз жаш кезде Б.Шамшиев, Т.Океев сыяктуу залкарлар бизге кино тарттырышчу эмес, жол беришчи эмес деп. Бүгүн ошол байкелер ѳздѳрү залкар болуп калгандарын сезбей, дагы деле тагдырына даттанып олтурушат. Силер жашсынар деп 30-40 жаштагыларга бут тосуп. Азыркы жаштардын арасында мыктылар бар. 60 жаштан ашкан кээ бир Эл артистери тарта элек кинону тартып койгондор бар. Жок, баары бир алар жаш. Биз тактыда олтурганда силер чүкѳ ойноп тургула деген психология. Байкелер, жаштарды кѳтѳрмѳлѳй турган силерсиздер. Маданият министрине, Президенттик аппараттагыларга айта турган сиздер эмеспи? Же жаштар дагы силердин ѳтүп кетишиңерди күтүш керекпи?
Сыйлыктарды тааныш-билиш менен берүүнүн кесепетин сезбей турасыздар. Бүгүн чуркап жүрүп сыйлык алгандар эртен ѳздѳрү сыйлыкты кимге берүүнү чече башташат. Кезеги келгенде алар дагы байке-жакесине берет. Ошентип жүрүп ансыз дагы далай нерсени талкаладыңар. Андан кѳрѳ жоюп эле салбайсыңарбы?
Баса, жогору жактагылар, тезирээк мушкерлердин баарына бирден үй алып бергилечи. Мүмкүн ошондон кийин маданият ѳкүлдѳрүнѳ кезек жетет. Жок дегенде искусство деп ѳмүрүн арнагандардын сѳѳгү ѳз үйүнѳн чыгып калсын…
Уландысы ажобузду уят кылып, кыргыз маданиятын тепселеген шерменде «шлягер» жѳнүндѳ болмокчу.”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: