Menu

Кыргызстандын калкы 6 миллион 977 миң адам болду

Бөлүшүү:

Кыргызстанда калктын саны боюнча маалымат жаңыланды. Улуттук статистика комитети 7-сентябрда билдиргендей, эл каттоонун баштапкы жыйынтыгы өлкө калкы 6 миллион 977 миң адам экенин аныктады.

Эми, 1-августтан тартып кийинки эсептөөлөргө чейин кыргызстандыктардын расмий саны боюнча ушул маалымат айтылып турушу шарт.

Өлкөнүн эл жана турак жай фондун каттоонун биринчи этабы 25-марттан 3-апрелге, алыскы тоолуу райондорду камтыган экинчи этабы 23-апрелден 2-майга чейин өткөн. Каттоонун баштапкы жыйынтыгы сентябрь-октябрь айларында, ал эми расмий жыйынтыгы бир жылдан кийин жарыяланары айтылган.

Быйылкы жылдын 1-июлундагы эсепте Кыргызстандын калкы 6 миллион 804 миң адам экени маалымдалган эле.

Январь-июнь айлары кыргызстандыктар 56,5 миң адамга көбөйүп, көрсөткүч 0,8% өстү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: