Menu

DVV Internationalдын Кыргызстандагы 20 жылдык мааракеси

Бөлүшүү:

DVV International уюму Кыргызстанда 2002-жылдан бери иштеп келет. 2012-жылы өлкөдөгү кеңсеси расмий каттоодон өткөн жана 2018-жылдан бери Борбродук Азиядагы аймактык кеңсеси болуп саналат. Быйыл DVV International Борбор Азия жана Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн 20 жылдыгын белгилеп жатат.

Акыркы 20 жыл ичинде DVV International – Немистик Элдик Универсиеттер Ассоциациясы (Deutscher Volkshochschul-Verband e.V., DVV) эл аралык кызматташтык институту, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдар менен биргеликте Кыргыз Республикасында чоңдорду окутуу жаатын илгерилетүү боюнча долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып келет.

Германиянын Экономикалык Өнүктүрүү Министрлигинин (BMZ), Европа биримдигинин (ЕБ) жана башка донорлордун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан бардык долбоорлор жакырчылыкты кыскартууга жана калктын социалдык жактан аялуу катмарынын жашоосун жакшыртууга багытталган. Бул, инсандык өнүгүү жана талапка ээ болгон көндүмдөрдү окутуу аркылуу ишке ашырылып келет. Жаңы иштелип чыккан билим берүү сунуштарынын темалары жарандык билим берүү жана соттолгондорду жана мурда соттолгондорду коомго кайра социалдаштыруудан тартып, аялдардын, жаштардын жана мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктарын кеңейтүүгө чейинки сфераларды өзүнө камтыйт. Ошогдой эле, чоңдорго билим берүү мекемелеринин жана алардын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатууга жардам берип, өлкөдө чоңдорго билим берүүнүн сапатын жакшыртууга салым кошууда. 

2022-жылдын 17-октябрында, DVV Internationalдын 20 жылдык мааракесин белгилөө жана аймактагы жана Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу үчүн салтанаттуу маараке өткөрүлөт. 

Мааракеге мамлекеттик өнөктөштөр – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилиги; чоңдорго билим берүү уюмдары – Кыргыз Республикасынын Чоңдорго билим берүү Ассоциациясы (КАОВ), Жаштарды өнүктүрүү институту, Китепкана-маалымат консорциуму; эл аралык уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү жана башкалар катышат. 

Иш-чаранын убактысы: 2022-жылдын 17-октябры, 18:30

Өткөрүлүүчү жери: Абдумомунов көчөсү 220а, Frunze рестораны

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: