Menu

Садыр Жапаров 1938-жылы Кыргызстанда атылып кеткен архитектор Ласло Месароштун неберелери менен Будапештте жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кечээ, 13-февралда Будапешт шаарында (Венгрия) белгилүү скульптор, архитектор жана декоратор Ласло Месароштун неберелери – Золтан, Миклош жана Каталин Янчо менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Ласло Месарош кыска өмүр сүрсө да, азыркы Бишкек шаарынын архитектурасына, жалпы эле скультуралык искусствонун түптөлүшүнө олуттуу салым кошконун айтып, өзүнүн ага болгон урматын билдирди.  Ласло Месарош өткөн кылымдын 30-жылдарында Кыргыз ССРине (Фрунзе) эмиграция болуп келген.

Бишкектеги бир катар имараттарды, анын ичинде эски Өкмөт Үйүнүн, темир жол бекетинин жана Улуттук банктын имараттары Ласло Месароштун аты менен байланыштуу. Өкмөт Үйүнүн алдындагы сквер азыр да анын долбоорлогону боюнча сакталып келет.

Ал 1938-жылы репрессияга кабылган. Ошондон кийин анын жубайы Вильма Ковач балдары менен, туугандарынын айтымында, «анын тагдыры жөнүндө бир нерсе билүү үмүтү менен» Фрунзеде калып калышат. Вильма Ковач өзү 1942-жылы жугуштуу оорулар ооруканасына түшүп, андан соң анын изи жоголот. Туугандарына анын каза болгонун айтышкан, бирок чындыгында ал эмне болгонун ушул күнгө чейин алар билбей келишкен. Кызы Марта Месарош Кыргызстандын бийлигине апасы Вильма Ковачтын тагдыры, жашоосу жана өлүмүнүн жагдайлары тууралуу маалыматты издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылган.

Учурда Марта Месарош 93 жашта, ал Мамлекет башчысы менен жолугушууга келе алган жок.

Архитектордун неберелери менен болгон жолугушууда Садыр Жапаров кыргыз эли Ласло Месароштун эмгегин жогору баалап, эсте тутарын – борбор калаанын көчөлөрүнүн бирине анын ысымы ыйгарылганын жана Бишкекте мемориалдык такта орнотулганын баса белгиледи.

Президент Марта Месароштун бир нече жолку кайрылуусу менен таанышып чыкканын, анда ал апасы – Вильма Ковач тууралуу маалымат алуу боюнча кайрылганын айтты.

Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берип, андан кийин республикалык архивдерден изделип, бүгүнкү күндө табылган материалдарды – Вильма Ковачтын эки үй-бүлөлүк сүрөтүн жана Ласло Месароштун жети сүрөтүн,  алардын арасында 20-кылымдын башында Будапештте жана Италияда тартылган бала кезиндеги, ошондой эле Фрунзеде бой жеткен кезде тартылган сүрөттөрүн өзү тапшырууну туура көргөн. Мындан тышкары, Вильма Ковачтын өлгөндүгү тууралуу күбөлүгү табылган.

Мамлекет башчысы бул архивдик сүрөттөрдү жана документтерди Месароштун неберелерине тапшырып, ошондой эле аларды балдары менен Кыргызстанга кайрадан келип, таланты таш жарган бабасынын калтырган мурастарын өз көзү менен көрүп кетүүгө чакырды.

Ласло Месароштун неберелери Кыргызстанга бир нече жолу келип, даректүү жана көркөм тасмаларды тартып келишкенин, өлкөнү сүйүп, ностальгия болгондорун белгилешти.

Каталин Янчо жүрөгүндө орчундуу орунду ээлеген Кыргызстан тууралуу үйүндө дайыма сөз кылаарын айтып берди.

Алар Садыр Жапаровго сүрөттөр жана документтер үчүн ыраазычылык билдиришип, балдары менен кошо Кыргызстанга келип-кетүү чакыруусун кабыл алышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: