Menu

Парламентте Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеш 10-майдагы жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын Министрлер кабинетинин курамын толугу менен кызматтан кетирүү сунушун карап, аны четке какты. Өткөн айдын аягында парламенттин тармактык комитети дагы бул сунушту колдогон эмес.

Талкуу маалында бир катар депутаттар жагдайдан чыгуу үчүн Конституцияны өзгөртүү тууралуу сунуштарды айтты.

“Акылбек Жапаровдун отставкасы көйгөйдү чечпейт. Келгиле, Жогорку Кеңеште Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштайлы. Муну өлкөнүн келечеги үчүн жасашыбыз керек. Депутаттар да, министрлер кабинети да, президент да ант бергенбиз. Баарыбыз чогулуп, Конституциядагы маселелерди карап чыгышыбыз керек. Баш мыйзамдагы каталар үчүн уялуунун кереги жок”, – деди депутат Мирлан Самыйкожо.
“Бүтүн Кыргызстан” өткөн айда өкмөттүн курамын толугу менен кызматтан кетирүүнү сунуштаган жана мындай чечимге Министрлер кабинетинини Баш мыйзамдагы 44-берененин 2-бөлүгүндөгү талаптарды аткарбаганы негиз болгон.
Сөз болгон беренеде “пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат” деп жазылган.
Министрлер кабинети ушул беренени чечмелеп берүү үчүн Конституциялык сотко кайрылганы Жогорку Кеңештин 16-февралдагы жыйынында белгилүү болгон. Депутат Адахан Мадумаров бул аракетти сынга алып, “пенсиялар, жөлөк пулдар эң төмөнкү керектелүүчү куржундан кем болбойт” деген Баш мыйзамдын талабын өкмөт сөзсүз аткарышы керектигин айткан.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул боюнча жооп берип жатып, бул кайрылуу Конституциядагы 44-беренени туура чечмелөө үчүн берилгенин, бул ишти аталган сот гана аткарарын билдирген. Ал социалдык төлөмдөрдүн жашоо минимумуна жетпей жатканынын себебин өкмөттүн алына, экономикалык шартка байланыштырган.
Мадумаров бул талап жазылган Конституцияны азыркы бийлик өзү киргизгенин эске салып, өкмөт аны аткара албаса, кызматтан кетиши керектигин билдирген. Акылбек Жапаров аткаруу бийлиги шартка жараша айлык, социалдык төлөмдөрдү көтөрүп жатканын маалымдап, ортодо кайым айтышуу орун алган.
Конституциялык сот 19-апрелде бул беренени чечмелеген чечим кабыл алды. Анда “пенсиянын, жөлөк пулдардын жана башка социалдык жардамдын көлөмү экономиканын абалынан жана мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн көз каранды экенин” белгилеп, жогорудагы берене “кынтыксыз аткарыла турган милдеттеме эмес” деп тапкан. Соттук коллегия беренедеги бул пункттагы айтылган нерсе “мамлекеттин конституциялык деңгээлде бекитилген максаты жана мүдөөсү катары каралышы керек” деп эсептей турганын билдирген.
Улуттук статистика комитети 2023-жылдын биринчи кварталындагы базар бааларынын негизинде жашоо минимумун 7 миң 501 сом деп чыгарган. Азыркы учурда пенсия, жөлөк пул жана башка социалдык жардамдын эң төмөнкү көлөмү мындан аз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: