Өкмөттүн аппаратынын башчысы Бакыт Аманбаев Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын таратууну сунуштоодо. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, азыр курамды таркатуу мүмкүн эмес, анткени жаңы келгендер эки шайлоо өнөктүгүн – парламенттик жана президенттик шайлоону көтөрө алышпайт.
Ал жазында да жергиликтүү кеңештерге шайлоо боло турганын, буга тажрыйбалуу өкүлдөр керектигин белгиледи.
“Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы курамды түзүшү керек. Президенттик квота дагы бар. Бул укукту президенттин милдетин аткаруучу колдонсо болобу деген суроо бар. Мыйзамга ылайык, бизди таркатууга эч кимдин укугу жок. Мындай чечимди биз өзүбүз гана кабыл алабыз” , – дейт Кайрат Осмоналиев.
Ал 4-октябрда болбой калган шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясын гана күнөөлөө туура эмес экендигин белгиледи.
“Мыйзамдарда да кемчиликтер бар. Ошондуктан, депутаттарга босого чекти жана күрөөнү төмөндөтүп, №2 форма боюнча маселени чечүүнү сунуштадык“, – деди Кайрат Осмоналиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ