“Ар-намыс” партиясынын лидери, экс-депутат Феликс Кулов Текебаев, Бабанов жана Атамбаевдин уулу түшкөн сүрөт тууралуу социалдык тармактагы өз баракчасына пост калтырды.
“Кадырбек Атамбаев эки Өмүрбек менен сүрөткө түшүүнү өзү суранганын бир жерден окуп калдым. Кеп кандай максат көздөгөнүндө эмес. Кеп, Текебаев менен Бабановдун анын атасы менен жакшы мамиледе болбогонунда, ошого карабай сүрөткө түшкөнгө макул болуп жатышат. Бирөө суранса, ар бир эле адам түшүп коет го деп ойлойм. Бирок, менин ичимди ачыштырганы сүрөттүн алдына жазылган пикирлер болду. Ушул кантип болсун, Айкөл Манас атабыздан үлгү алалы дейбиз да, жазганыбыз уу...” деп жазган Кулов.
Эскерте кетсек, кечээ, 6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаевдин уулу үйлөнүп, той берип, бир катар саясатчылар менен депутаттар чакырылган эле.
Текебаевдин жактоочусу Искен Афиджановдун айтымында, сүрөткө түшүүнү Атамбаевдин уулу суранган. Ошондо Текебаев жаш Атамбаевге: “Жаш коллега, ката кетиргенден коркпо, аларды оңдой бил, ошондо өсүп-өнөсүң”,- деген экен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ